Бишкек шаарында дээрлик 2 миллион түркүн гүл отургузулду
Дата: 11:42, 12-07-2019.
Бишкек. 12 - июль. КирТАГ – Борбор калаанын жаңы жана эски клумбаларында "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түркүн гүлдөр менен кооздоп жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, жалпысынан 10дон ашуун гүлдүн түрү, башкача айтканда - 2 миллион 167 миң 369 гүл отургузулду.
Жаңы клумбалардын эскиздери "Бишкек жашыл чарбанын" агрономдору жана дизайнери тарабынан түзүлүүдө.