КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:41 | 16 чын куран

Бишкек шаардык соту жана бир катар облусттук соттор ишин токтотот

Дата: 15:34, 27-03-2020.

Бишкек.27 - март. КирТАГ – Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өз ишин токтотот. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Гульбара Калиеванын төрагалыгы астында  видеоконференц байланыш аркылуу өткөн  кеңешмеде кабыл алынды. Мындан сырткары  Чүй облустук соту менен Чүй райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтотот.

Бул соттордун ишмердүүлүгү  бир жумага токтотулду.

Ошону менен катар эле,  соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезектешүү менен иш алып баруусу уюштурулат.

Поделиться новостью: