КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:11 | 23 чын куран

Бишкек-Москва поездине билет баасы 55% га арзандады

Дата: 14:17, 20-11-2018.

Бишкек. 20 - ноябрь. КирТАГ – Бишкек-Москва поездине билет баасы 55% га арзандады. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек-Москва поездине 55% жеңилдик менен билет баасы 12 миң 834 сом турат. Бул купе вагонуна болгон баа. Ал эми плацкарт вагонуна жеңилдик менен мындан да арзан 9 миң 767 сомго сатып алса болот.

Мындан ары Москвага баруучу жүргүнчүлөр поезд билеттерин купе вагонуна 45 күндөн 41 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 55% жеңилдик берилет. Ал эми 40 күндөн 9 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 45% га арзан баада сатып алса болот.

Ушундай эле арзандатуулар Казань жана Новокузнецк шаарларына баруучу жүргүнчүлөргө да каралган. Болгону купе вагонуна өзүнчө жана плацкарт вагонуна башкача жеңилдиктер бар.

Бул туурасында “Бишкек II” темир жол бекетине кайрылып, маалымат алсаңыздар болот. Байланыш телефондору: 30 02 09 жана 92 68 54

Ошондой эле “Кыргыз темир жолу” ишканасынын www.kjd.kg расмий сайтынан тааныша аласыздар.  

Поделиться новостью: