КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:05 | 29 жалган куран

Бишкек мэриясы суунун баасын кымбаттатууну пландоодо

Дата: 11:52, 18-07-2019.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ –  Бишкек мэриясы муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнө пландап, жүйөсүн түшүндүрдү.

Бааны жогорулатуу токтомунун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жиберилди.

"Бүгүн 1000 литр суунун өз наркы 8 сом экенине карабай, шаар тургундары 5,38 сомдон төлөп жатат. Ошондой эле канализация ишин тейлөөнүн наркы азыркы төлөнүп жаткан 1,20 сомдон алда канча жогору, тагыраагы, 3 сом", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Мындан улам шаар жетекчилиги тургундар үчүн суунун тарифин — 8,10 сомго, канализация үчүн — 2,30 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул көрсөткүч бюджеттик ишканаларга 9,10 сом (суу) жана 3 сомду (канализация) түзмөкчү.

Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, "демократиялык тариф саясатынын" айынан акыркы жылдары "Бишкек суу каналы" ишканасы чыгым тартып иштеп келе жатат. Мисалы, 2017-жылы чыгым 94,2 миллион сомду түзсө, былтыр бул сумма 89,8 миллион сомго жеткен.

Ушул жылдын 1-июнундагы маалымат боюнча, ишкананын 105,2 миллион сом бересеси бар.

Алар:

Жеткирип берүүчүлөргө — 24,7 миллион сом;
Социалдык фондуга салыктар жана төлөмдөр боюнча — 22,1 миллион сом;
Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкына "Бишкек шаарына суу берүүнү жакшыртуу" долбоорунун алкагында берилген насыя үчүн— 44 миллион сом;
"РСК Банкынан" алынган насыя үчүн — 14,4 миллион сом.

Поделиться новостью: