КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:06 | 29 жалган куран

Бишкек мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады

Дата: 15:55, 19-03-2019.

Бишкек. 19 марта. КирТАГ – Бишкек шаардык мэриясы Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чаралардын программасын даярдады, деп билдирет пресс-кызмат.

11.00дө борбордук Ала-Тоо аянтында чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерт башталат. Ал саат 13:30га чейин уланат.

10.00 Достук үйүнүн алдында тышкы иштер министрлиги Кыргызстан калкынын Ассамблеясы менен биргеликте декоративдик-кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн ачып, этникалык коомдук бирикмелердин чыгармачыл концерти өтөт.

Панфилов сейил багында майрамдык программа саат  8.30да башталат.

Ю.Фучик атындагы сейил бакта 14.00дө кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, кагаз, кийиз жана жип менен мастер-класстар өтөт. Балдар сүрөттөрүнүн жана викторина сынагы уюштурулуп, спорттук оюндар өтөт. Алар  дартс, шахмат, нарда, жеңил атлетика, үстөл тенниси, күрөш, алыш, чака чапмай, таяк тартыш, тогуз коргоол, топ таш, ордо жана башкалар.

Меймандарды Д. Асанов атындагы сейил бак саат 12:00дө майрамдык иш-чаралар менен тосуп алат.

12.00дө Каражыгач багында концерттик программа, кызыктуу оюндар жана аксакалдар үчүн  чайлашуу уюштурулат.

Ал эми Жеңиш аянтында шаардыктар үчүн гүл, бал жарманкеси иштеп, майрамдык концерт да өтөт.

Ошондой эле майрамдык саамалыктар Бишкек шаарынын баардык райондорунда уюштурулмакчы.

Поделиться новостью: