Бишкек мэри Кытай элчиси менен жолукту
Бишкек. 25 март. КирТАГ – Бишкек шаардык мэриясында баш калаа мэри Азиз Суракматов Кытайдын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул туурасында аталган мекеменин пресс-кызматы билдирет.
«Жолугушуу учурунда калаа башчысы Ду Дэвэнь айымды жогорку дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ошондой эле «Бишкек шаарынын көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун экинчи фазасы боюнча даярдык иштери жүргүзүлуп жатканын билдирди», - деп жазылат маалыматта.
Суракматовдун айтымында Бишкекте долбоор боюнча узундугу 70,87 чакырымдык 60 көчө реконструкцияланат.