Биргелешкен атайын тактикалык "Сары-Таш-2019" машыгуусу өтөт

Дата: 09:02, 16-07-2019.

Бишкек. 16 – июль.  КирТАГ –  2019-жылдын 18-20-июль күндөрү КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы биргелешкен тактикалык «Сары-Таш-2019» машыгуусун өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Машыгуунун мүдөөсү Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз куралдуу топту бөгөттөө жана жок кылуу боюнча биргелешкен операциялык машыгууларга даярдык көрүү жана өткөрүү болуп саналат.

"Машыгууга 500гө жакын адам, 100төн ашуун аскердик техника, артиллериялык тутум, самолеттор, вертолеттор жана учкучсуз учуучу аппараттар тартылат. Машыгууга КР КК Кургактагы аскерлери, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү жана КР ИИМ, УКМК,ӨКМнын өкүлдөрү да катышат", - деп айтылат маалыматта.

Машыгууга даярдыктарды көрүүнүн алкагында Сары-Таш аймагында керектүү инфратүзүм түзүлүп, талаа чатыр лагери курулган.

Поделиться новостью: