КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 4:55 | 25 чын куран

Билимдүү жаштар менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз – Жээнбеков

Дата: 10:46, 08-07-2019.

Бишкек. 8 – июль.  КирТАГ –  "Биз элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Андыктан жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — приоритеттүү багытыбыз болуп саналат", — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечекте ийгиликтерди каалады.

"Кыргызстан — жогорку окуу жайга кирүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик уюм аркылуу жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө. Белгилей кетүүчү нерсе — жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы туруктуу өсүү тенденциясына ээ болду", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин айтуусунда, бюджеттик негизде окуган студенттердин жетишүүсү кескин түрдө жогорулады.

"Эң негизги жыйынтык — жогорку билим алууга бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү, бул системага ишеним жогорулады. Тесттерди пайдалануу — алыскы райондордун, айылдын бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билим алуусуна жакшы шарт түздү. Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада өлкөбүздүн бардык региондорунан келген жаштар бар экени мени кубандырат. Жалпы республикалык тестирлөө — ар бир бала үчүн анын жашаган жерине, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берет. Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгилейм", - деп президент баса белгилеп өттү.

Поделиться новостью: