КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:01 | 29 жалган куран

Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров эркиндикке чыгат

Дата: 16:37, 12-02-2019.

Бишкек. 12 - февраль. КирТАГ – Жогорку соттун соттук коллегиясы №27 абакта кармалып турган Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун ишин жаңы жагдайлардан улам кайра карап чыкты. Бул тууралуу Жогорку сот маалымдады.

Маалыматта соттук коллегия Б.Асанова жана К. Кадыровду эркиндикке чыгарганы айтылат.

Эске салсак, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, 12-20 жылга чейин камалышкан. \\

Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөтү кыскартылган. Асанов менен Кадыров сегиз жылга кесилген.

Буга чейин Асанов жана Кадыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармаган.

Поделиться новостью: