КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:33 | 29 жалган куран

Баткенде кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү башталды

Дата: 12:12, 21-02-2020.

Бишкек. 21 -февраль. КирТАГ – Баткен шаарында бүгүн, 21-февралда кыргыз-тажик өкмөт аралык чек ара сүйлөшүүсү өтүп жатат. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим катышууда.

Тажик вице-премьери өз сөзүндө эл арасында ишенимди калыптандырыш керек экенин, эки тараптуу жумуш тобунун ишине да эл ишениши зарыл болорун айтты. Ошону менен катар ал жолугушуунун жыйынтыгы менен макулдашууга келип, документ кабыл алыш керек экенин белгиледи.

Кыргыз тараптан сүйлөшүүгө Тажикстандагы элчи Жаныш Рустенбеков, Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахманов жана өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүл Назирбек Бөрүбаев катышууда.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын буга чейинки жыйыны Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда өткөн.

Анда ортодогу маселелерди чечүү жаатында жалпы түшүнүү жана каалоо бар экени айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени январь айында кабарланган. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылууда. 

Поделиться новостью: