Башкы прокуратура: Бишкек ШИИБдин бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документи жоголуп кеткен

Дата: 11:19, 14-11-2019.

Бишкек. 14-ноябрь. КирТАГ – Башкы прокуратура кылмыш иштеринин документтери жоголуп кеткен фактыны аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБдин бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документи жок болуп чыккан.

Башкы прокуратура бул ишке тийиштиги бар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берет.

Аталган  факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси менен каттоого алынды.

Сотко чейинки тергөө  жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.



Поделиться новостью: