Бүтүрүү кечелериндеги коопсуздукту милиция камсыздайт
Бишкек. 18 - июнь. КирТАГ – Бүтүрүү кечелериндеги коопсуздукту ШИИББнын кызматкерлери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Эртең, 19-июнда билим берүү мекемелерине жакын айрым жолдор коопсуздук үчүн убактылуу жабылат. Жарандардын, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери иш алып барат. Ар бир мектепке жооптуу кызматкерлер бекитилген.
«Бүтүрүү балы-2018» иш-чарасында коопсуздукту сактоого милиция органдары даяр.