Айыл чарба министрлиги Казакстандын картошка жана алмага чектөө киргизгенин негизсиз деп эсептейт

Дата: 12:29, 22-02-2019.

Бишкек. 22 - февраль. КирТАГ - Казакстандын картошка баштаган бир катар азык-түлүктөрдү өзүнүн аймагына алып кирүүгө карантин жарыялоосу негизсиз. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Башкармалык тараткан билдирүүдө билдирүүдө чектөө туурасындагы маалыматты коңшу өлкө алдын ала же өз учурунда кабарлабай койгондугу айтылат.

"Казакстан киргизген чектөөнү негизсиз деп эсептейбиз. Себеби айтылган чаралар республиканын бардык аймагына тарабайт. Фитосанитардык чаралардын эл аралык стандартынын №13 пунктуна ылайык, карантиндик зыянкечтерди аныктоо боюнча лабораториялык бүтүмдү көз карандысыз эксперттердин тастыктап берүүсү боюнча сурам жиберебиз", — деп белгиленет  маалыматта.

Ал эми бардык аймакка тарабайт деген карантиндик абалды министрлик төмөнкүчө түшүндүргөн.

"Кыргызстандын кайсы аймагынан келген картошкадан зыянкеч табылса, чектөө ошол аймакка коюлушу керек. Продукцияга жазылган коштоочу документте кайсы жактын картошкасы экени көрсөтүлөт, ошондуктан бул пункт маанилүү", — деп белгиленет маалыматта.

Эске салсак, Казакстан 19-февралдан тарта өзүнүн аймагына Кыргызстандан алма, курма жана картошка киргизүүгө убактылуу тыюу салды. Казак тарап картошкада нематода курту бар экен деген маалымат тараткан.

Айыл-чарба министрлигинин билдирүүсүндө Казакстан азыктарды импорттоого чектөө кое тургандыгын бир күн мурун кабарлаш керектигин, бирок кабар карантин киргизилгенден эки күн кийин 21-февралда келгендиги айтылат.Башкармалык муну Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин (ЕЭКК) чечимине негиздеп айткан. Карантин боюнча билдирүү ЕЭККке чечим кабыл алынгандан 3 күн кечиктирилбей жөнөтүлүшү керектиги да жазылган.

Кыргызстанда дыйкандардар картошкасын 3 сомдон да саталбай жаткандыгы айтылып, бул маселе парламентте да көтөрүлгөн.

Поделиться новостью: