КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:21 | 28 жалган куран

Айрым соттор 2020-жылдын 30-мартынан 3-апрелге чейин ишин токтотот

Дата: 11:03, 30-03-2020.

Бишкек. 30 - март. КирТАГ - Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу айрым соттор 2020-жылдын 30-мартынан 3-апрелге чейин ишин токтоткон. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бирок, соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш алып барышууда.

Бардык жарандарды  дайындалган иштердин графиги менен таанышуу үчүн, үйдөн чыкпастан, соттордун канцелярийлерине телефон чалып билүүгө чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда дайындалган иштер туурасында төмөндөгү телефондор аркылуу билсеңиздер болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери боюнча), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер боюнча) жана  0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29 (жарандык иштер боюнча).

Поделиться новостью: