Айрым министрликтердин жана башкармалыктардын, жергиликтүү мамадминистрациялардын жетекчилерине сөгүш жарыяланды

Дата: 11:50, 22-02-2019.

Бишкек. 22 - февраль. КирТАГ - Айрым министрликтердин жана башкармалыктардын, жергиликтүү мамадминистрациялардын жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле мамлекеттик администрацияларынын айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 25 жана 26-пункттарына ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн:

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага
- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исаковага

- Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуевге
- Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовгосөгүш жарыяланды.


Поделиться новостью: