КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:01 | 28 жалган куран

Аймактардагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Өкмөт алгачкы ирет каражат бөлдү

Дата: 11:14, 22-11-2019.

Бишкек. 22 - ноябрь. КирТАГ - Аймактардагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Өкмөт алгачкы ирет каражат бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Комиссия тарабанын жактырылган 30 долбоор баарынан биринчи аймактарды өнүктүрүүгө cалым кошуу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев инвестициялык бизнес- долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча комиссия тарабынан жактырылган долбоорлорду талкуулоо боюнча өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бизнести колдоо үчүн финансылык инструменттердин ар кандай түрлөрү бар.

«Бүгүнкү күндө ар кандай фонддор: аймактарды өнүктүрүү фонду, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, «Айыл чарбасын каржылоо - 7» программасы, «Centerra Gold» менен түзүлгөн келишимдин алкагында кошумча каражаттарды алдык, мунун баары аймактарды өнүктүрүү долбоорлоруна багытталат. Тарыхта биринчи жолу бюджеттен бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берүү аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө каражат бөлүнүүдө. Эң негизгиси, долбоорлор экспоротко багытталган жана импорттун ордуна сунуш кылынган продукцияларды жайылтууну шартташы керек. Мен каражатты максаттуу колдонуу катуу көзөмөлгө алынарын эскертип коёюн. Комиссиянын мүчөлөрү, финансы институттарынын өкүлдөрү берилген ар бир сом үчүн жооптуу. Ошондуктан долбоорлорду тандоодо бардык критерийлер эске алгыла», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бүгүнкү күнү аймактардан 94 бизнес-долбоор түшкөн, алардын ичинде Комиссия тарабынан 538,3 млн сом суммасына 30у жактырылган. Аларды ишке ашыруу менен 1451 жумуш орун түзүлөт. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттык сактоо, кен иштетүү тармактарындагы долбоорлор да бар.

Өкмөт башчы жеңилдетилген насыяларды берүү мөөнөттөрүнө жана пайыздык коюмдарга көңүл бурдурду.

«Бир долбоордун суммасы 30 млн сомдон ашпашы керек. Бул каражаттар чакан жана орто бизнести колдоого арналган. Насыянын мөөнөтү 5 жылдан жогору болбоого тийиш. Бул мезгилде насыяны төлөп бүтүүгө болот. Анткени долбоор боюнча пайыздык коюмдар коммерциялык банктар тарабынан бизнести өнүктүрүүгө берилген насыяларга караганда төмөн», - деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн программанын иштөө мезгилин узартуу зарылдыгына бурду.

«Насыя берүүдө финансы институттары жана Тандоо комиссиясынын мүчөлөрү, алсак, сүт заводун тигил же бул аймакта ачуунун рентабелдүүлүгү, түзүлгөн жумуш орундарынын саны жана эң башкысы – берилген каражаттардын кайтарымдуулугу сыяктуу багыттарга басым коюуга тийиш. Аны андан ары карай башка ишкерлер дагы колдонушу үчүн бул каражаттар кайтарылышы керек», - деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Поделиться новостью: