КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:56 | 29 жалган куран

Авторлорго төлөнгөн каражат көбөйүүдө - Кыргызпатент

Дата: 16:40, 19-07-2019.

Бишкек. 19 - июль. КирТАГ  –  Кыргызпатент биринчи жарым жылдыкта авторлорго төлөнгөн акчанын көлөмү көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын экспертизалоо башкармалыгынын башчысы Артык Базаркулов

Ага ылайык, алты айдын ичинде чогулган автордук сый акынын көлөмү 4 миллион 693 миң 758 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 20 пайызга көп.

Андан сырткары каттоого алынган интеллектуалдык менчиктин саны 707ни түздү. Аны менен катары 424 даана товардык белги каттоого алынган. Ал эми автордук укук боюнча катталган объектилердин саны 198ди түзгөн.

Поделиться новостью: