КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:42 | 16 чын куран

Атамбаевдин тарапташтары анын туулган күнүнө карата акция өткөрөт

Дата: 09:36, 17-09-2019.

Бишкек. 17 - сентябрь. КирТАГ – Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата тарапкерлери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта колдоо акциясын өткөрөт. Бул тууралуу Cоциал-демократиялык партиядан кабарлашты. Аталган акцияны өткөрүү боюнча Бишкек шаардык мэриясына маалымат берилди.

Акция жүрүшүндө тарапкерлеринин мурдагы президентке каалоо-тилектери чогултулуп, абакка жеткирилет.

Алмазбек Атамбаев бүгүн 63 жашка толду. Ал быйыл 8-августта бир нече кылмышка шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө абагына камакка алынган.атамбаев 63 жашка толду

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Алардын арасында 7-8-августта Кой-Таш айылында күч органдарына каршылык көрсөтүү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгышы, Бишкек Жылуулук борборундагы коррупция боюнча жана башка 15тен ашык иш бар.

Мурдагы президенттин адвокаттары жана тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.

Поделиться новостью: