КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:05 | 20 чын куран

«Ата Мекен» партиясына Жогорку соттун алдында митинг өткөрүүгө уруксат берилди

Дата: 13:56, 16-04-2019.

Бишкек. 16- апрель. КирТАГ — «Ата Мекен» партиясына 23-апрелде митинг өткөрүүгө уруксат берилди. Бул маалыматты парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ырастады:

23-апрелде митингге учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто бир күндө, 23-апрелде каралат.

Поделиться новостью: