КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:26 | 29 жалган куран

Асынып алган прокурор Кожошевдин үйбүлөсү сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартты

Дата: 10:40, 11-09-2018.

Бишкек. 11 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Асынып каза болгон прокурор Кожошевдин үйбүлөсү сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу КирТАГга Ош облусттук ИИБгы билдирди.

«Асынып алган прокурор Торо Кожошевдин туугандарын сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартты. Кечээ күнү жакындары фото-видеого тартканга да уруксат берген жок. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Кылмыш иши азырынча ачыла элек. Кожошевди бүгүн жерге беришет», - деди ИИБ.

Эске салсак, Ош облусттук прокурорунун орун басары Торо Кожошев өз үйүндө асынып алган.

Прокуратура маалымдагандай, Кожошев эмгек өргүүсүндө болуп, дүйшөмбү күнү ишке чыкмак.



Поделиться новостью: