КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:49 | 29 жалган куран

Аскерлерди сабаган деп шек саналган кызматкер иштен алынды – Башкы штаб

Дата: 16:30, 17-07-2019.

Бишкек. 17 - июль. КирТАГ –  Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат мөөнөтүн өтөп жаткан айрым жоокерлер армияда узак убактан бери чоңсунууга туш болуп келатышканын билдиришти. Бул тууралуу аскер бөлүктөрүндөгү мыйзамдуулуктун жана уставдын сакталышын текшерген учурда белгилүү болгонун «Азаттыкка» Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди:

- Комиссия ар бир аскер бөлүгүнө берип текшерүү жүргүзүп жатканбыз. Ошондо кызмат мөөнөтүн өтөп жаткан жоокерлер арасында анонимдүү сурамжылоо уюштурулуп, бир канчасы ушундай факт болгонун билдиришкен. Азыр текшерилип, иликтөө жүрүп жатат. Ошол убакта жоокерлер атаган кызматкерди, дивизиондун командирин кызматтан четтеттик.

Жарашеванын айтымында, Аскер прокуратурасына маалымат берилди.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери кыргыз армиясы аскерлер арасындагы чоңсунуу, башкача «дедовщина» көйгөйүнөн арылбай келет. Ушундан улам аскер бөлүктөрүндө майып болуп, айрым учурда адам өлүмү менен аяктаган окуялар байма-бай катталат.

«Кылым шамы» уюмунун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. Алардын өз жанын өзү кыйганы да айтылган

Поделиться новостью: