КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:03 | 29 жалган куран

Адвокат: Алмазбек Атамбаев тергөө менен кызматташуудан баш тартууда

Дата: 14:59, 14-08-2019.

Бишкек. 14 - август. КирТАГ – Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголгону тууралуу Аскер прокуратурасы тарабынан маалымдама берилди. Бул жөнүндө «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын маалыматына караганда, жаңы козголгон эки кылмыш иши Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу.

«Атамбаевге биринчи маалымдама ал кармалган күнү берилген. Андан соң ИИМ тогуз маалымдама берген. Эми бүгүн дагы эки маалымдама берилди. Жаңы мыйзамдар боюнча эгер маалымдама берилсе кылмыш иши козголду деп эсептелет. Алмазбек Атамбаев кармалган биринчи күндөн баштап конституциялык укугун пайдаланып, коюлган айыптарга макул болбой, тергөө документтерине кол койгон жок. Ал муну Конституция жана анын укугу бузулуп жатканы менен түшүндүрүүдө».

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча маалымдама берилгенин билдирген.

Поделиться новостью: