КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:40 | 29 жалган куран

Алмазбек Атамбаев суракка барбайт. Иш боюнча жактоочусуна кайрылуу керек

Дата: 10:01, 09-07-2019.

Бишкек. 9 – июль.  КирТАГ –  Алмазбек Атамбаев суракка барбайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш Атамбаевден кол тийбестигин мыйзамсыз түрдө алган. Анткени, Конституция жана парламенттин регламентине ылайык депутаттар мурдакы президентке айып тагып, кол тийбестигин ала албайт.

«Андыктан ал суракка барбайт. Негизи кайсы кылмыш ишинин алкагында чакырылып жатканы да белгисиз. Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча болушу мүмкүн», — деди Сергей Слесарев.

Алмазбек Атамбаев кечээ суракка чакыруу алган. Ал бүгүн саат 10.00 ИИМге келиши керек болчу.

Поделиться новостью: