Аламүдүндө 8 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды
Дата: 12:01, 19-08-2019.
Бишкек. 19 - август. КирТАГ – Аламүдүн районунда 8 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Чүй облусттук ИИБ маалымдады.
Маалыматка караганда, 12-17-август күндөрү Аламүдүн районунун ИИБ айыл өкмөт жана жергиликтүү тургундар менен жапайы кара куурайды өрттөп жок кылды. Рейддин жүрүшүндө 5 гектардан ашык кара куурай өрттөлдү. Жок жылынган кара куурайдын салмагы 8290 кг болгон.
Рейддик иш-чаралар учурда Чүй облусунда жүргүзүлүп жатат.