КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:48 | 19 чын куран

АКШнын мамлекеттик департаментинде Боробор Азия өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушуу болду

Дата: 14:45, 09-09-2019.

Бишкек. 9-сентябрь. КирТАГ – 2019-жылдын 6-сентябрында АКШнын мамлекеттик департаментинде "Борбор Азия+АКШ" өз ара аракеттенүү форматынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилеринин АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдеттерин аткаруучусу Э.Уэллс менен жамааттык жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

Жолугушууга кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев катышты. Тараптар БУУнун кезектеги Генералдык Ассаблеясынын алкагында пландаштырылган Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жана АКШ мамлекеттик катчысынын жолугушуусуна даярдык процессин талкуулашты. С5+1 форматындагы жолугуушунун алдын ала күн тартибине төмөнкү үч негизги маселелер киргизилди: эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, чек араны жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө. Катышуучулар бул багыттар боюнча өзүнүн артыкчылыктарын билдирип, өз ара пайда жана улуттук кызыкчылыктардын негизинде кызматташтыкты улантууну макулдашты.


Поделиться новостью: