КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:05 | 23 чын куран

АКШ Кытай чиновниктерине этникалык азчылыкты кыйноого алгандыгы үчүн визалык чектөө киргизди

Дата: 14:56, 10-10-2019.

Бишкек. 10-октябрь. КирТАГ – АКШ Кытай чиновниктерине этникалык азчылыкты кыйноого алгандыгы үчүн визалык чектөө киргизди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирүү таратты.

“АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрүнө карата визалык чектөөлөрдү киргизүүдө Кытай өкмөтү Шинжаң-Уйгур автоном районунда жашаган этникалык уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулман азчылык топторуна карата, массалык түрдө лагерлерде кармоо; кеңири жайылган жогорку технологиялык аңдоо, диний жана маданий өзгөчөлүктү туюндурууга кескин көзөмөлдөөлөр жана сыртта жүргөн жарандарды Кытайга, мажбурлап кайтарып көп учурда тыянагы начар тагдырга дуушар кылуу, сыяктуу көрүнүштөрдү камтыган өтө репрессивдүү кампанияны уюштуруп келди”- деп айтылат Помпеонун билдирүүсүндө.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Шинжаңда этникалык уйгурларды, казактарды жана мусулман азчылыктардын башка өкүлдөрүн кармоого, аларга карата зомбулук уюштурууга жоопкер, же катышуусу болжондонгон Кытай өкмөтүнүн жана коммунисттик партиянын өкүлдөрүнө визалык чектөөлөр киргизилетургандыгын айткан.

“Бул чектөөлөр алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да тарашы ыктымал. Бул визалык чектөөлөр, аңдоо, кармоо жана репрессия иштерине катышкан коомдук коопсуздук бюросунун ишканаларын жана Шинжаңдын коммерциялык компанияларын да ичине камтыган 28 кытайлык уюмга экспорттолгон АКШ продукциясына экспорттук чектөөлөрдүн киргизилгендиги тууралуу кечээки АКШнын Соода департаментинин билдирүүсүн кошумчалайт. • Америка Кошмо Штаттары Кытай Эл Республикасын Шинжаңдагы репрессивдүү кампанияны дароо токтотууга, негизсиз турдө камалгандарды бошотууга жана өлкөнун сыртында жүргөн мусулман азчылыктардын өкүлдөрүн бүдөмүк көрүлгөн тагдырды жашоого Кытайга мажбурлап кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырат” –деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Адам укуктарын коргоо – фундаменталдык маанилүүлүккө ээ жана бардык өлкөлөр адам укуктары боюнча мойнуна алган жоопкерчиликтерин жана милдеттенмелерин аткарууга тийиш. Америка Кошмо Штаттары адам укуктарын бузуу көрүнүштөрүнө реакция кылуу үчүн Кытайдын бийлигине байкоо жүргүзүүнү улантат.

Поделиться новостью: