КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:14 | 17 чын куран

Абылгазиев: Кыргызстан ШКУ алкагында кызматташтыкты ар тараптуу өркүндөтүүгө багыт алган

Дата: 16:27, 12-10-2018.

Бишкек. 12 - октябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасы Уюмда төрагалык кылган өлкө катары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кызматташтыкты ар тараптуу өркүндөтүүгө жана көп пландуу өнүктүрүүгө багытталган. Бул үчүн биздин өлкөлөрүбүздүн тийиштүү потенциалы бар жана биз кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кыйла актуалдуу маселелерди ийгиликтүү чечүүнү каалайбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында  өтүп жаткан (Тажикстан Республикасы) ШКУ мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү жыйындын күн тартиби кыйла актуалдуу жана ШКУ мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү боюнча таасирдүү чечимдер менен чараларды кабыл алууну талап кылат.

«ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара аракеттешүүнү мындан аркы бекемдөө максаттарында соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, долбоордук жана инвестициялык кызматташууну активдештирүүнү маанилүү деп эсептейбиз. Бул багыттар 2025-жылга чейинки ШКУ өнүктүрүү Стратегиясынын максаттарына жана милдеттерине ылайык биздин келечекке биргелешкен ишмердигибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болууга тийиш. Муну менен бирге соода-экономикалык тармактагы биздин өз ара мамилелерди мындан аркы өнүктүрүү потенциалын эске алуу менен экономика жаатындагы алдынкы кезектеги долбоорлордун тизмеси жакынкы келечекте жүзөгө ашыруу реалдуу болгон башка пункттар менен дагы толукталышы керек.

Бул милдеттерди ишке ашырууда Ишкерлик кеңеш жана Банктар аралык бирикме негизги ролду ойноого тийиш. Ишкерлик кеңештин ишине ошондой эле ШКУ байкоочу-өлкөлөрүнүн жана ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн бизнес-коомчулуктарын активдүү тартуу керек деп эсептейм. Бул максаттарда бизнес-форум өткөрүүнү сунуштайбыз, ал кооперациялык биржа форматында ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрүнүн  катышуусунда өтөт, бул ишкерлердин ортосунда өз ара пайдалуу түз байланыштарды түзүүнү шарттайт», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн ШКУ мүчө-мамлекеттери негизги соода өнөктөштөрү болуп саналышат, алар республиканын жалпы товар жүгүртүү көлөмүндө 73% түзөт, анын ичинде экспортто – 54%, импортто – 79%.

«ШКУ мейкиндигинде экономика тармагында долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн кыргыз тарап ШКУ финансылык механизмдерин  - ШКУ өнүктүрүү банкын ыкчам түзүү үчүн чыгат жана финансылык институттун башкы кеңсесин Кыргыз Республикасынын аймагында негиздөө маселесин карап чыгууну сунуштайт. Ушуну менен бирге транспорттук бөлүгү экономикалык интеграциянын маанилүү факторлорунун бири болуп саналат, ал тараптардын экономикалык потенциалдарын толук кандуу пайдаланууну өбөлгөлөйт. Аймактын өлкөлөрүнүн транзиттик потенциалын биргелешкен күч-аракеттер менен өнүктүрүү аймактын мамлекеттеринин дүйнөлүк экономикадагы позицияларын кыйла бекемдөөнү шарттайт. Транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана транспорттук байланыштарды оптимизациялоо үчүн автомобиль жолдорун өнүктүрүү Программасынын долбоорун, транспорттук ташууларды интеграциялык башкарууну түзүү жана иштетүү  жөнүндө Келишимдин  долбоорун макулдашууну тездетүү зарыл деп эсептейбиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле жыйындын катышуучуларынын көңүлүн санариптештирүү тармагында тыгыз кызматташууну орнотуу зарылдыгына бурду.

«Бүгүн  биз  cанариптик маалыматтык өткөөл мезгилдин башатында турабыз. Бул биздин астыбызга жаңы келечекти гана эмес жаңы технологиялык чакырыктарды ачууда. Шанхай кызматташтык уюмунун  санариптештирүү маселелерин өнүктүрүү  боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгуу зарыл. Санариптик үлгү эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жөндөмдүү гана болбостон, мындан ары кооперациялардын ишкердик менен тыгыз болушуна дем берет. Ошондой эле жарандардын экономикалык кызыкчылыгынын  бардык тармактарындагы убактылуу жана каржылык чыгымдарын кыскартат. Бул жагдайдан алып караганда ишкердик үчүн жаңы санариптик чечимдерди издөө, электрондук соода аянты, электрондук документ жүгүртүү, бардык уруксаат берүүчү документтерди электрондук каттоо жана биздин өлкөлөрдүн  ортосундагы бизнес  менен тийиштүү органдардын  экономикалык биримдик  табиятын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жыйындын жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев экология маселесине,  бул тармакта келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө өз ара тыгыз аракеттешүүнүн зарылдыгына көңүл бурду.

«Климаттын өзгөрүүсү мөңгүлөргө жана суу ресурстарына чоң таасирин тийгизип, табигый кырсыктардын өсүүсүнө алып келүүдө. Мындан тышкары аймактык мүнөздөгү маанилүү көйгөйлөрдүн бири экология тармагы, радиоактивдүү өнөр-жайы,  совет доорунан калган уран калдыктарын сактоочу жайлар  болуп калууда. Бул жагдайда ШКУга мүчө-өлкөлөрдө айлана чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуунун  Концепциясын практикалык жактан  ишке ашырууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн жана тийиштүү иш-чаралар планын иштеп чыгууну сунуштайбыз. Кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн келечектүү багыты энергетика тармагы болушу мүмкүн.  ШКУга мүчө өлкөлөр Борбор Азиянын суу энергетикалык дараметин дыкаттык менен карап чыгуусу жана аймактык суу энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чечкиндүү кадамдарды кабыл алуусу зарыл. Анын негизинде Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн аймактык экономиканы өнүктүрүү өз ара пайдалуу», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, маданий-гуманитардык кызматташтык дагы өз ара байланыштардын келечектүү багыты болуп саналат.

«Тилекке каршы тынчтыкты сактоо, туруктуулук, көп түрдүү маданиятты өнүктүрүү жана толеранттуулук маданияттар ортосундагы пикир алышууну тереңдетүүнүн айныгыс фактору  болуп саналат. Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылы биздин  өлкөдө III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөнүн белгилеп кетким келет. Ага дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүнүн өкүлдөрү катышты. Быйылкы жылы биз жана бүт дүйнө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилейт. Буга байланыштуу дүйнөдөгү бардык өнөктөштөргө жана биздин досторго колдоосу жана активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин өз ара конструктивдүү сүйлөшүүлөр жана тыгыз байланыштар ШКУ алкагында көп тармактуу кызматташтыкты бекемдөөгө зор салымын кошот деп ишенемин», - деп сөзүн жыйынтыктады  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Поделиться новостью: