КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:34 | 29 жалган куран

Абылгазиев: Өкмөт ишкер айымдарды ар дайым колдойт

Дата: 17:06, 20-11-2019.

Бишкек. 20 - ноябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкер айымдарды ар дайым колдойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги...» аттуу конференцияга катышуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы ишкер айымдарды майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнү жана жергиликтүү коомчулуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп өттү.

«Мен чын жүрөгүмдөн биздин айымдарды – жаркыраган майрамы менен – Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнү менен куттуктайм. Айымдар ишкерлиги күн сайын өсүп, «Forbes» журналынын рейтингине кирген миллиардер айымдардын саны көбөйүп жатат. 2010-жылы дүйнөдө болгону 91 аял миллиардер деп белгиленсе, 2019-жылга карата алардын саны 243кө жеткен. Учурда 21 жаштагы Кайли Дженнер эң жаш миллиардер болуп катталды. Буга чейин Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг эң жаш миллиардер катары саналчу. Бүгүн бул рекорд аял кишиге таандык. Азыр мезгил башка, экономиканын структурасы өзгөрдү. Биздин өлкөдө дагы экономиканын басымдуу бөлүгүнө салым кошкон аялдардын саны жылдан жылга көбөйүп бара жатат», - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкөдө экономикалык активдүү калктын 68%ын аялдар түзөт.

«Бүгүнкү күнү республикада айымдар үзүрлүү иштеген бир нече кластер динамикалуу өнүгүп жатат. Алсак, тигүү тармагында иштеген айымдар 90% түзүшөт. Тейлөө тармагында 402 ишкана бар болсо, анын 40%дан ашыгы аялдардын ишканалары. Билим берүү тармагында: өлкө боюнча 74 миң мугалим болсо, анын 69 миңин дээрлик 90%ын аялдар түзөт. 2018-жылы 1095 ишкана болсо, анын 701 же 70% аялдарга таандык. Айыл чарбасында  5 миңден ашык чарбалык ишканалар болсо, анын 40%ын аялдар ачкан ишканалар», - деп билдирди ал.

Премьер-министр өз сөзүндө конференцияга катышып отурган Борбор Азия өлкөлөрүндөгү алгачкы президент аял – Роза Отунбаеваны да белгилеп өттү.

Өкмөт башчы коомдо материалдык бакубатчылыкты эркектер менен бирдей түзгөн аялдардын маанилүү ролун баса көрсөттү.

«Бул катардагы ченем болуп калган. Советтик мезгилде биз трактор айдап, социализмди курган аялдар менен сыймыктансак, бүгүн биздин кымбаттуу  айымдарыбыз мамлекеттин жашоосунун дээрлик бардык чөйрөлөрүнө тартылган. Ата мекендик экономикада ИДПдагы ишкерликтин үлүшү 42%, тейлөө кызматтары чөйрөсүндө – 44%. Бул экономиканын аялдар басымдуулук кылган тармактары. Калктын 60%ы айыл чарбасына тартылган деп айтуу менен биз мында аялдар башкы кыймылдаткыч күч экенин так ырастай алабыз. Өзүңүздөр билдигендей, сүт азыктарын өндүрүү экспортко багытталган ийгиликтүү ата мекендик бренддердин бири болуп саналат. Бул тармакты үзүрлүү жана жагымдуу кылган дал ушул сиздер - айымдарсыздар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, аялзатынын ролу өзгөчө жогору болгон экономиканын дагы бир тармагы – бул туризм.

«Өкмөт өлкөнү экономикалык өнүктүрүү стратегиясын түп тамырынан өзгөртөт, бул тууралуу бир нече ирет айтылган. Өздүк резервдерге жана колдо болгон адамдык дараметке багыт алуу – биздин коомдун бакубатчылыгын мен ушундан көрүп турам. Бул стратегияда  өзгөчө орун аялдарга берилген», - деди Премьер-министр.



Поделиться новостью: