КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:01 | 16 чын куран

Абылгазиев: Бизнес-омбудсмен институту – бизнести колдоо жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруунун механизми болуп саналат

Дата: 13:52, 17-12-2018.

Бишкек. 17 - декабрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасында бизнес-омбудсмен институтун түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, «Doing Business» рейтингинин акыркы иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, биздин республика аталган рейтингдеги позициясын жакшыртып, 77-орундан 70-орунга жогорулаган.

«Өкмөт инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүүнү улантууда. Учурда бизнести текшерүүгө мораторий жарыялоо жана бизнести тейлөө борборун түзүү маселеси иштелип чыгууда.

Үчүнчү маселе – бул бизнес-омбудсмен институтун түзүү. Биз муну бизнестин кызыкчылыгын коргоого алуучу жана алардын көйгөлөрүн көтөрүп чыгуучу, бизнести колдоого алуунун бирден-бир натыйжалуу механизми катары эсептейбиз. Өзгөчө бул көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү органдар ортосундагы мамилелерге тийиштүү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Экономика министри Олег Панкратов белгилегендей, бүгүнкү күндө бизнесте мамлекеттик органдар менен өз-ара алака түзүүдө көптөгөн маселелер жаралууда.

«Кыйынчылыктар көзөмөлдөө функциясын ишке ашырууда гана эмес, уруксаат берүүчү документтерди алууда да пайда болууда. Бизнес киреше алуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик ишканалар менен өз-ара аракеттешүүдө көйгөйлөр жаралган учурлар да болот, ал жерде көзкарандысыз түзүмдүн кийлигишүүсүн талап кылган жагдайлар да кездешет», – деди ал. – Бизнестин негизги маселеси катары мамлекеттик органдын кызмат адамдары ишкерлик субьектилер менен өз-ара алака жүргүзүүсүндөгү мыйзамсыз аракеттери, алардын мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыктарын бузуусу саналат».

Олег Панкратов белгилегендей, бизнес-омбудсмен институту – бул бизнестин министрлик жана ведомстволордун, мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, же акционердик коомдордун иш-аракеттери, же жооп кайтарбагандыгы боюнча арыздарын көкарандысыз кароо жолу аркылуу коргоого алуу механизми.

«Буга катар бизнес-омбудсмен – бул мамлекеттик эмес түзүм, мамлекеттик эмес көзкарандысыз институт. Бизнес-омбудсмендин ишинин негизги багыты катары укук, көзкарандысыздык жана айкындыуулук үстөмдүгү принциби болуп саналат. Анын жазалоо функциясы болбойт, ал тарабынан кабыл алынган чечимдер ачык-айкын жана коомчулук үчүн жеткиликтүү саналат. Натыйжада, ал мамлекеттик органдарга таасир этүү механизмине ээ болот», – деп маалымдады министр.

Өлкө Президентинин жетекчилиги астында коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан чечкиндүү кадамдардын маанилүүлүгүн белгилөө менен катар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-омбудсмен институтун түзүү коррупциялык тобокелдиктерди, биринчи кезекте, бизнес жана текшерүүчү органдар ортосундагы  аракеттешүүдөгү коррупциялык тобокелдикти минималдаштырууга өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Өкмөт башчы бизнес-омбудсмен институтун түзүү процессин тездетүүнү жана бардык зарыл ченемдик-укуктук актылардын тыкыр даярдалышын камсыздоону тапшырды.

Поделиться новостью: