КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:36 | 29 жалган куран

Абылгазиев: Бажыдагы бардык процедуралардын ачыктыгы гана коррупциянын тобокелчиликтерин төмөндөтөт

Дата: 16:42, 05-11-2019.

Бишкек. 5 - ноябрь. КирТАГ - Бажыдагы бардык процедуралардын ачыктыгы гана коррупциянын тобокелчиликтерин төмөндөтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишке берилген инспектордук-кароо комплексине барган учурда билдирди. 

Премьер-министрге бир жүк ташуучу унааны 199 секундада текшерген инспектордук-кароо комплекстин иши тааныштырылды.

Өкмөт башчы Кытай Эл Республикасы менен чектешкен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө жайынын ата мекендик экономикадагы гана эмес, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн экономикасындагы ордунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коррупциялык тобокелчилик жогору болгон орган катары, көбүнесе товарларды каттоонун тиешелүү тутумунун жана ачыктык механизминин жоктугуна байланыштуу бажы кызматынын баркы калыптанып калган. Бүгүн биз борборлоштурулуп автоматташтырылган көзөмөлдөө системасы коррупциянын тобокелчиликтерин четтетип, онлайн режиминдеги бардык процедуралардын ачыктыгын жана тунуктугун камсыз кыларын көрдүк. Бул өзгөчө бажылык тариздөө убагында укуктары көп учурда корголбой калган ишкерлер үчүн маанилүү. Модернизациялоо товарларды декларациялоонун анык эместигине, бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдөгү ылдамдыктын төмөндүгүнө, ошондой эле коррупциянын тобокелдиктерине байланыштуу маселелерди четтетүүнү шарттайт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы көзөмөл-өткөрүү жайынын модернизациялоого берген жардам үчүн Россия Федерациясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бажы инфраструктурасы чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтын жогорку деңгээлде экенинин ырастап турарын белгиледи.

Эскерте кетсек, мындай көзөмөл-өткөрмө жайларын заманбап техникалар менен жабдуу Кыргыз Республикасынын интеграциялык биримдикке кошулуусунун «Жол картасында»  каралган.

 

Поделиться новостью: