КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:45 | 29 жалган куран

Абылгазиев аймактарда Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү боюнча иштерди активдештирүүнү тапшырды

Дата: 18:07, 10-09-2018.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-сентябрда, өлкөнүн бардык аймактарында “Биримдик, ишеним, жаратмандык” Өкмөттүк Программасын ишке ашыруунун алкагында Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга ишкерлерди колдоо жана бул максаттарда таасирдүү механизмдерди иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү аянтчаны түзүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымдалды.

Берилген маалыматка ылайык, Ишкерлерди тейлөө борборлорунда эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен “бирдиктүү терезе” принциби боюнча өз ара байланышкан кызматтардын топтому көрсөтүлөт, анын ичинде маалымдоо жана кеңеш берүү, мамлекеттик кызматтар, экспортту илгерлетүүгө аракеттешүү бар.

Борборлор бизнес жана мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштарды четтетүүнү, ишкерлердин ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун ачык тутумун түзүүнү, ишкерлердин бардык мамлекеттик кызматтарды алуусун жөнөкөйлөтүүнү шарттайт.

Ишкерлерди тейлөө борборун түзүү боюнча пландар “Бир айыл – бир продукт” программасын ишке ашыруу менен үндөш. Долбоор эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда ишке ашырылат жана бюджеттен каржылоону талап кылбайт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы баса белгилегендей, аймактарды жана бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүү максатында ишкерлердин потенциалын таасирдүү ишке ашыруу үчүн аларга колдоо көрсөтүү саясатынын бирдиктүү координациясын камсыздоо зарыл.

Премьер-министрдин айтымында, аймактарда ишкерлердин финансылык сабатсыздыгын жогорулатуу маанилүү, бул алардын өз иштерин таасирдүү пландоосун жана башкаруусун өбөлгөлөйт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарда Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү боюнча иштерди активдештирүүнү жана долбоорду ишке киргизүү жана андан аркы сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн бардык механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Поделиться новостью: