КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:02 | 28 жалган куран

2019-жылдын аягына чейин Нур-Султан, Алматы жана Шымкентте 5G түйүнү ишке киришет

Дата: 16:22, 21-05-2019.

Бишкек. 21 - май. КирТАГ -  2019-жылдын аягына чейин Нур-Султан, Алматы жана Шымкентте 5G түйүнү ишке киришет, деп билдирет КазТАГ агенттиги Казакстандын премьер-министринин пресс-кызматына шилтеме менен.

«Өлкөнүн аймагын 5G менен камсыздоо үчун инфраструктура түзүү боюнча иштердин алкагында Нур-Султан, Шымкент жана Алматы шаарларына пилоттук долбоор киргизүү пландалууда. Жалпысынан 5G түйүнү менен 50 миң адам камсыздалаары күтүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Өнүктүрүү, коргонуу жана аэрокосмикалык өндүрүш министрлигинин маалыматтары боюнча Казакстан АКШ, Түштүк Корея, Швейцария, Эстония сыяктуу жаңы түйүндү киргизүүнү тажрыйбага ашырууга киришкен он өлкөнүн катарында турат.

Поделиться новостью: