КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:49 | 29 жалган куран

2019–2023-жылдарга киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди

Дата: 14:16, 05-08-2019.

Бишкек. 5 - август. КирТАГ  -   2019–2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Токтомдун максаты жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин коопсуздук деңгээлин камсыздоо үчүн, алардын кибермейкиндиктеги маанилүү кызыкчылыктарын коргогон жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган, улуттук экономиканы санариптик трансформациялоону камтыган киберкоопсуздук улуттук стратегиясын түзүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы иштелип чыкты, ал төмөнкү маселелерди ишке ашыруу боюнча кадамдарды жана көз караштарды аныктайт:

- банктык, телекоммуникациялык жана башка сервистик инфратүзүмдөрдүн, кибер коркунучтарга жооп берүү жана мониторинг жасоо борборлорунун киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн компьютердик инциденттерге жооп берүү топтору сыяктуу өз ара так ажыратылган уюмдук түзүмдөрдү түзүү;

- компьютердик кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн укуктук жана методикалык негиз түзүү;

- маалыматты коргоонун, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоонун улуттук системасын түзүү;

- Кыргыз Республикасынын кооптуу маалыматтык инфраструктура коопсуздугун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик эмес секторлордун киберкоопсуздугун камсыздоо тутумун түзүү;

- киберкоопсуздук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы техникалык жана эл аралык стандартташтыруу;

- киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн потенциалды өстүрүү жана адам ресурстарын чыңдоо.

Поделиться новостью: