16 жашка чыга элек балдарга жалпы жарандык паспорт 10 күндүн ичинде берилет
Бишкек. 8 – июль. КирТАГ – Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, 16 жашка чыга элек Кыргыз жарандарына жалпы жарандык паспорт 10 жумуш күндүн ичинде берилет.
Жаңы токтомдо жалпы жарандык паспорт боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама "Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жарандарына 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын (ID-карта) даярдоо жана берүү 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт" деп толукталды.