КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:52 | 19 чын куран

«Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу» долбоорунун жалпы бюджети 46 млн долларды түзөт

Дата: 10:23, 18-01-2019.

Бишкек. 18 - январь. КирТАГ - Жогорку Кеңештин жыйынында «2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу» долбоору долбоордук участоктордо жылуулук менен жабдуунун эффективдүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган, жалпы бюджет 46,0 млн. АКШ долларын түзөт, ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоору үч компоненттен турат, 1-компонент Бишкек шаарын борборлошкон жылуулук менен жабдуу тутумунун эффективдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган (31,0 млн. АКШ доллары), 2-компонент үй-чарбалардагы эффективдүү жана экологиялык таза жылытуучу мештерди борборлошкон жылуулук жабдууну кошпой киргизүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну камтыйт (5,0 млн. АКШ доллары) жана 3-компонент коомдук имараттардын энергиялык эффективдүүлүгүнүн жогорулоо артыкчылыгын демонстрациялоого багытталган (10,0 млн. АКШ доллары).

Талкууда 2-компоненттеги жылытуучу мештерди алуу маселеси өзгөртүлүп, бул багытка каралган 5 млн АКШ долларын жылуулук менен жабдууну жакшыртуунун башка жолдоруна багытталары такталды. Бир катар эл өкүлдөрү жогоруда аталган насыя менен 50% грантты максаттуу, натыйжалуу пайдаланылышы керектигин белгилешти.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Поделиться новостью: