«Каркыра-унаа жолу» кыргыз-казак чегарасы убактылуу жабылат
Дата: 08:40, 02-12-2019.
Бишкек. 2 - декабрь. КирТАГ – «Каркыра-унаа жолу» кыргыз-казак чегарасы аба-ырайына байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы билдирди.
«2019-жыл 1-декабрда казак тараптын демилгеси менен аба-ырайы жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу «Каркыра-унаа жолу» (КР) – «Кеген- унаа жолу» (РК) кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы убактылуу жабылат», - деп жазылат маалыматта.