КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:14 | 26 чын куран

«Diamond Princess» круиздик кемесинде кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Дата: 11:27, 18-02-2020.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ - Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» круиздик кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алды.

Бул тууралуу World of Cruising Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, алардын арасында Кыргызстандын бир жараны, ошондой эле Жапониянын, Кытайдын, Австралиянын, АКШнын жарандары бар.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул маалымат такталып жатканын билдирди. Ал эми Тышкы иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

«Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тарта Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. Карантин 1-февралда бүтөт. Кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды.

Кытайда катталган коронавирус 17-февралга карата 70 548 адамга жукту. Андан өлгөндөрдүн саны 1770 кишиге жетти. Кытайдан башка 30 өлкөдө бул дартка чалдыккан 300 учур катталган. Алардын ичинен төртөө каза болду.

Поделиться новостью: