КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:01 | 25 чын куран

Депутаттар ОСАГО полисин алууну эки жылга чейин жылдырууну сунуштап жатат

Дата: 17:15, 21-01-2019.

Бишкек. 21 - январь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) 2021-жылдын 7-февралына чейин жылдыруу" боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган.

Азыркы редакциясы боюнча, "Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу" тууралуу мыйзам ушул жылдын 7-февралында күчүнө кириш керек эле.
Ага ылайык, ОСАГО полиси жок кармалган айдоочуларга 3000 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып пул салынмак.

Мыйзам долбоорун жылдырууну каалаган депутаттар элдин ага даяр эместигин билдирүүдө

"Кыргызстанда пайдаланылган бардык унаа ээлерин милдеттүү камсыздандыруу коомдо активдүү талкууланып жатат. Калк кошумча чыгымдарга даяр эместиги, ошондой эле камсыздандыруу компенсация төлөмдөрү боюнча камсыздандыруу компанияларына ишеним жок экени байкалат", — деп жазылат сунушталган жаткан мыйзам долбоорунда.

Эске салсак, ОСАГО боюнча мыйзам 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек. Бирок, өлкөдөгү экономикалык абалга жана Жогорку Кеңештин демилгеси боюнча мыйзамдын күчүнө кирген мөөнөтү үч жылга, башкача айтканда 2019-жылдын 7-февралына чейин узартылган болчу.



Поделиться новостью: