КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:14 | 18 чын куран

Президент жер көчкүдөн жабыркаган Сузак районунун Кыржол айылында болду

Дата: 10:07, 26-05-2015.

Жалал-Абад. 25-май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна  болгон иш сапарынын алкагында жер көчкүдөн жабыркаган Сузак районунун Кыржол айылында болду. Бул тууралуу КирТАГ кабарчысы билдирди.

Мамлекет башчысы кыйраган үйлөрдү көрүп чыгып, айыл тургундары, кырсыкта курман болгондордун жана жараат алгандардын туугандары менен жолугушту. Президент айыл тургундарынын өтүнүчтөрүн жана кайрылууларын угуп, андан соң калктуу пункту коопсуз аймакка көчүрүүгө жардам берүүнү убада кылды.

А. Атамбаев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө курман бологондордун жана жабырлануучулардын үй-бүлөлөрү үчүн үй курууга жаңы жер тилкелерин таап берүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, унаа жана байланыш министрине Кыржол айылына баруучу 30 чакырым жолду курууга каражат табууну тапшырды.

24-майга караган түнү беш турак үйдү жер көчкүсү басып калган, үч үй коркунучтуу аймакта калууда. Алты адам жаратылыш кырсыгынын курмандыгы болуп, 10 адам жарааттарды алышкан.

Поделиться новостью: