Кыргыздардын бүркүт уруусу Чэн Жифендин ак-кара фото сүрөттөрүндө

Дата: 10:01, 05-04-2016.

Бишкек. 5-апрель. КирТАГ – Кытайлык фотограф Чен Живен кыргыздарга жана алардын маданиятына, тарыхына арналган «Eagle clan\Бүркүт уруусу» фотоальбомун чыгарды.

Ак-кара стилде аткарылган альбомдо кытайлык кыргыздардын жашоо сүртүмдөрү чагылдырылган. Бул көз ирмемдерди сүрөткө тартыш үчүн фотограф бир жылдан ашуун убакытын короткон анна жүздөгөн чакырым аралыкты басып өткөн.

Үрүмчүлүк белгилүү фотограф өзүнүн фотоальбомунун бир экземплярын Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамдирекциянын башкы директору Султан Раевге Кытайга болгон сапар учурунда белек кылган.

Учурда Чэн Жифендин жеке көргөзмөсүн Кыргызстанда өткөрүү маселеси каралууда.

Поделиться новостью: