КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:17 | 24 чын куран

Кыргыз өрт өчүрүүчүлөрү жыл башынан бери 56 адамдын өмүрүн сактап калышкан

Дата: 13:35, 11-12-2015.

Бишкек. 9-декабрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Кыргызстандын аймагында жыл башынан бери 3,6 миң өрт кырсыгы катталып, анда 56 адамдын өмүрү сакталган. Бул тууралуу КирТАГга КР ӨКМ басма сөз кызматынан шаршембиде билдиришти.

Муну менен кыргыз өрт өчүрүүчүлөрү адам өмүрүн гана куткарбастан, 5,5 млрд сомго бааланган материалдык байлыктарды да сактап калышкан.

Жарандардын өрт коопсуздугу эрежелерине кайдыгер мамиле жамагандыгынан улам 36 адам өмүрү менен кош айтышкан. Тилсиз жоонун кесепетинен келтирилген чыгым 244 млн сом.

Көпчүлүк учурда өрт кырсыгы турак секторунда чыгып, ага отко байкабастык мамиле кылуу, электр жабдууларын туура эмес орнотуу жана колдонуу, жылытуучу мештерди жана морду туура эмес колдонуу, ошондой эле балдардын тентектиги себеп болууда.

Айта кетсек, жакында Оштогу Раззаков көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу №36 үй-бүлөлүк жатакананын үчүнчү кабатында эки батир толугу менен өрттөнгөн. Жалпысынан 34 чарчы метр күлгө айланган. Анын кесепетинен батирлердин биринин 39 жаштагы ээси ис газы менен ууланган. Өрт өчүргүчтөр жалынга оролгон үйдөн 112 адамды, алардын арасында балдарды эавкуациялаган.

Поделиться новостью: