Бишкектеги катуу шамалдын кесепети

Дата: 13:31, 09-06-2015.

Бишкек. 9-июнь. КирТАГ — Айзура Чыкынова. Гулиза Чудубаева. Бишкекте болгон катуу шамал башкы тууну жыртып, бактарды жыгып, жарнама такталарын учуруп, имараттардын чатырларын жулуп жана автоунааларды бузуп кеткен.

Катуу шамал Бишкекте 8-июнда кечки саат 20:00 чамасында башталып жана бир саатка дейре уланып, күн күркүрөп жана нөшөрлөгөн жамгыр менен коштолгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен. Минисрлик келтирилген чыгымдын суммасын аныктоодо. Катуу шамал Чүй облусу боюнча жана Токмок шаарында да болуп, эки адам жаратылыш кырсыгынын курмандыгы болгон.

Фотосүрөттөр «Дизель» интернет формунун жана социалдык тармактардын колдонуучуларына таандык.

Поделиться новостью: