Бишкекте Балдарды коргоо күнү белгиленди
Бишкек. 1-июнь. КирТАГ – Бишкекте Балдарды коргоо күнү белгиленди.
Ар жылы жайдын алгачкы күнүндө – Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленип келет. Бүгүн Бишкекте балдардын күлкүсү, ырлары жана жагымдуу музыка жаңырып турат. Ал эми парктарда балмуздак менен карусельге кезекке тургандар көп.
Шаар боюнча кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүүдө, балдар шаарчасы – көргөзмөлөр жана мастер-класстар, оюн-зоок, шахмат турнири,сүрөт конкурсу, флористика, мульшаарчаларды уюштуруу менен ондогон негизги аянтчалар түзүлгөн.