КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:26 | 24 чын куран

Тезегибиз түгөнүп, чыдамыбыз кеткенде Кыргыздарды кышында ким жылытат?

Дата: 09:52, 16-09-2014.

Бишкек. 16 сентябрь. КирТАГ - Альбина Метерова. Чүй облусунун тургуну Талант Акматов быйылкы кышка тезек камдап жатат. Албетте көмүрдү дагы сатып алам дейт, бирок чөнтөгүнүн тайыздыгына байланыштуу өтө аз көлөмдө.

«Көмүр быйыл кымбат, азыр эле анын баасы айылдарда 4 миң сомго жетти, ал эми кышында эмне болот?», - деп үй-бүлөө башчысы Акматовдун башы маң.

Айыл тургуну 20 жылдан бери үйүн электр жылуулугу менен жылытып келгенин мойнуна алды. 2010 жылы гана үч фазалуу токтун өчүрүлгөнүнө байланыштуу мешин бир жолу эле жаккан.

«Апрель революциясынын келип чыгышына светке болгон баалардын көтөрүлүшү себепкер болду, эми өкмөт бааларды көтөрбөйт, светти өчүрбөйт деп ойлогонбуз,  тилекке каршы биз жаңылыптырбыз», - деп капаланган абалда Акматов өз ою менен бөлүштү.

Үй ээси азыр көмүр алган акчасынын жетишсиздигин айтты. Себеби: быйылкы түшүм али жыйнала элек, балдарды да мектепке даярдаш керек, мунун баары акчага келип такалат.

«Ошондуктан көмүр тууралуу ойлонбой, тезек тергенибиз оң. Светке болгон баалар көтөрүлсө, үч фазалуу  ток өчүрүлсө, анда кайрадан ата-бабаларыбыз жашаган доорго келебиз го?», - деп муңайым тамашалады.  

Быйылкы кышты кантип кыштап чагыбыз деп сактык менен карагандардын арасында Талант эле жалгыз эмес. Өкмөт башчыбыз элди сабырдуулукка чакырып, ток менен үйдү жылытуу «ашкере байлык» дегенден кийин эле тезек чогултканга белсеништи. Анткени элибиздин сабырдуулук менен аралаштырылып  жасалган тезекти жагуу кыштан жеңил чыгарат деп ишенишет.

Өкмөт башчыбыз элге кайрылуусунда бир нерсени унутуп калган сыяктуу, биринчиден биз 21 кылымда жашап жатабыз, экинчиден сууга бай, токту көп өндүрүп чыккан мамлекеттердин катарында турат.

Анан эле жылуулук маалы келгенде, биздин энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз «бууга» айланып кетип жатабы?

Бул жолу эми күнөөнү кургакчылыкка шылташты. «Быйыл мамлекетте кургакчылык болду, эгер үйлөрүбүздү ток менен жылытсак, өндүрүлүп чыгарылган ток күз-кыш мезгилине жетишсиз болот», - деп билдирди өкмөт башчысы.

Бирок кургакчылык болору мурда эле күтүлгөн. Кургакчылык кыргызстандыктардын башына күтүүсүздөн түшкөн кар эмес да.

Оторбаев Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд куб метр эле экендигин айтты, бирок эмне себептен суу аз топтолду, кургакчылык болорун билип туруп эмне үчүн ага карата өкмөттө даярдык көрүлгөн жок жана эмне себептен кошуна өлкөлөргө суу ашыкча сатылып кеткендиги тууралуу сөз айткан жок.

«Биз электр кубаттуулугун сыртка чыгарган мамлекеттен сырттан келген электр кубаттуулугуна муктаж мамлекетке айландык», -деп өз оюн жыйынтыктады Оторбаев.

Мында кыйын абалдан чыгып кетүүнүн башка жолу бар беле?

Эл өкүлү Дастан Бекешев Кыргызстан кийинки 2-3 жылдын ичинде өтө эле көп электр кубаттуулугу сыртка чыгарылды, ошондой эле сатылган суунун көлөмү чектен ашып кетти деп эсептейт. «Өкмөт үч фазалуу электр кубаттуулугун тыюу салуунун ордуна 70 тыйындан 600 кВтка чейинки чектөөлөрдү киргизсе болмок», - деп эл өкүлү эсептейт.

«Эмне себептен бүгүн бизде суу жок? Эмне үчүн үч фазалуу электр кубаттуулугу өчүрүлүшү керек? Себеби өкмөттүн атайын энергетикалык бөлүмүн өнүктүрүүгө алдын ала иштелип чыккан аныктамасы жок», - деп өз кесиптешин колдоду эл өкүлү Айнуру Алтыбаева.

Бир канча жылга алдын ала деп айтканга жеңил, бирок өкмөт башчылары бизде бир жылда 3-4 жолу алмаштырылып жатса кайдагы аныктама болмок эле.

Экономика илимдеринин доктору серепчи Айылчы Сарыбаева өкмөт электр кубаттуулукка болгон муктаждыкты жумушсуздардын, колунда жоктордун, кедейлердин жана кары картаңдардын эсебинен чечип жатат, деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө мамлекетте жүз миң деген адамдар жумушсуз жана жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө чыгып жумуш иштөөгө муктаж. Ал эми алардын үй-бүлөөсү жакырчылыкта жашап жатышат. Өлкөбүздө 500 миң пенсионер жашайт, алардын алган пенсиясы эч нерсеге жетпейт. Ушундай адамдардын эсебинен өз маселесин чечүүгө өкмөттөгүлөр аракет көрүшүүдө. Электр кубаттуулугун өчүрүү, тезек тердирүү, көмүргө өткүлө деп кыйноону эл душмандары гана ишке ашырмак», - деп ачууланды серепчи.

Электр тармактар бөлүмү өтө  оор абалда, өкмөттөгүлөр аны жакшыртуунун эч кандай чараларын көргөн жок, деп эсептейт серепчи А. Сарыбаев.

Эл өкүлдөрү, серепчилер жана өкмөттөгүлөр буга ким күнөөлү деген суроону издеп тапканча. Көмүргө болгон баа күндөн күнгө өсүүдө. Баткен облусунда көмүрдүн баасы 10 миң сомго чыкты. Ал эми Нарын облусунда  ак сакалдар, эгер үч фазалуу электр кубаттуулугу өчүрүлсө жолду жабабыз деп коркутушууда.

Нарын коомчулугунун өкүлү Карыпбек Асанбаев Нарынга көптөн бери отун жана көмүр алынып келе электигин билдирди. Бийик тоолуу  облуска отундун баардык түрүнүн жеткирилүүсүнүн баасы өтө эле жогору болуп элдин отун, көмүр алууга чамасы келбегендиктен эл тамак аш бышырууда электр кубаттуулугун колдонушат.

Президент Алмазбек Атамбаев, баш мыйзамдын кепилдик берүүчүсү катары эл алдында электр кубаттуулукка болгон баалардын көтөрүлүшүнө демилгечилерди колдобой тургандыгын өлкөнүн коргоо кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө айтып, бул тармакта коррупция бар деп белгиледи.

«Мен алардан электр кубаттуулугу боюнча толук маалымат берүүсүн сурадым. Былтыркы жылы «Түндүк электр» Улуттук  электр тармагынан электр кубаттуулугу 18,5 тыйындан сатып алышып элге 70 тыйындан сатышкан, өнөр жай объектилерине  1,5 сомдон сатышкан. Ошонун эсебинен «Түндүк электр» ишканасынын электр кубаттуулугун элге сатуудагы киреше бөлүмү 112%, ал эми өнөр жай тармагынан түшкөн киреше 454% түзгөн. Ушундай кирешенин эсебинен жоготуулар жөнүндө кеп кылуунун кереги барбы? Көрсө бул тармакта дагы эле Бакиевтик жана Ширшовтук системалар бар экен», - деп ачууланды  А. Атамбаев.

Президенттин ачуулангандыгынын пайдасы тийген жок, өкмөт бааларды көтөрдү.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын премьер-министрлеринин узак тизмесинде эң эле «үнөмдүү» премьер-министр болуп калды. Өзүңөр эле эстеп көргүлө, 2010 жылдын 1 апрелинде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,7 млрд кубметр болгон болсо, 1 октябрь 2010 жылы суунун көлөмү 19,51 млрд кубметрди түзгөн. Ошол кезде премьер-министрдин кызматын Атамбаев ээлеп турган. Кийинки жылдын күз айларында суунун көлөмү рекорддук деңгээлге жетип 19,54 млрд кубметрди түзгөн. Күз айларындагы электр кубаттуулугун үнөмдөөнүн эсебинен, кышында 4,11 млрд кубметр  эле суу сарп кылынган.

Бирок андан кийинки премьер Өмүрбек Бабанов Атамбаев топтогон сууну бат эле чыгымдаганга үлгүрдү. Мамлекет кыш айында 6,32 млрд куб метр сууну сарп кылып, А. Атамбаев жетектеп турган мезгилге салыштырмалуу 2,22 млрд  сууну көп сарп кылышкан.

Сууну эң эле көп сарп кылган убакыт Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган мезгилде болду. Ал өкмөттү жетектеп турганда суунун көлөмү 17,51 млрд кубметр болсо, ошол эле жылдын кышында 6,26 млрд кубметр суу сарп кылынган, кийинки 2013 жылдын кышында 6,89 млрд суу сарп кылынып, башкача айтканда 2010 жылга салыштырмалуу 2,78 млрд кубметр суу ашык сарп кылынган.

Бул суу кайда агып кетип жатат деген суроого жооп.

Азыр Сатыбалдиевтин 2013 жылдын күз жана кыш мезгилине карата даярдык көрүү жөнүндө чогулуштагы мактанган сөзүн эске салабыз .

«Кыргызстан бир жылда 2 млрд кВт саат электр кубаттуулугун экспортко четке чыгарат.  2013 жылы экспорттун көлөмү 500 млн кВт  саатты түздү, ал эми 2012 жылы 150 млн кВт саат болчу. 2012 жылы электр энергиясын 2 центтен 1 кВт саат саткан болсок 2013 жылы 4 центтен 1 кВт сааттан саттык», - деп мактанган Сатыбалдиевдин  сөзү бар.

Бул электро кубаттуулук кайда кетип жатат дегенге жооп.

16 сентябрда Нарындыктар митингге чыкканы жатышат. Жаратылышы катаал бул облуста кышты алгачкылардан болуп тозушат, ошондой эле күз-кыш  мезгилине карата даярдык көрүү митинг менен коштолгону турат.

Бул, быйыл кышта каякта температура курч деңгелге жетет деген суроого? Өкмөт үйүндөбү? Парламенттеби? Же бүткүл мамлекет ичиндеби?

Поделиться новостью: