КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 4:09 | 25 чын куран

Сатыбалдиев Ош шаарын калыбына келтирүүдө жок болуп кеткен $135 млн ылдамыраак табышы керек, болбосо отставкага бериши зарыл

Дата: 19:00, 05-02-2014.

Бишкек. 4-февраль. КирТАГ -  Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев үчүн жооп бере турган күн келди. 6-февралда, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын мурдагы жетекчиси Ж. Сатыбалдиев, депутаттык коммиссиянын түштүк шаарларын калыбына келтирүү үчүн  колуна берилген 7 млрд сомду кайда кетирдиңиз деген сыяктуу, ыңгайсыз суроолоруна жооп берет.  

Кыргызстандын жогору даражалуу чиновниги тартынбастан эле, мамлекеттик казнага, демек ансыз да жыртык биздин чөнтөктөргө, кол сала баштады. Бугүнкү күнү, чиновниктерге козголгон кылмыш иштери эч кимди деле таң калтырбай калды.  Ири кемеге, чоң чыгым дегендей, ал ортодо ири суммадагы ар кыл акчалар айтылууда.

Ошентип, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбана келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик коммисиясы, башында азыркы премьер-министр  Жантөрө Сатыбалдиев турган мезгилиндеги чыгымга кеткен 6,7 млрд сомун эсебин бере албай убара. Миллиарддаган каражат кайда кетти? Бул суроого атайын түзүлгөн депутаттык комиссия да жооп издеп, жыйынтык чыгарып же жооп таба алган жок.

Мамлекеттик дирекциянын каржылык ойт бермейлери таң калтырат.  Коммиссия мамлекеттик дирекция түзүлгөнү түштүк шаарларын калыбына келтирүүгө,  ар кыл булактардан, 11 млрд 404 млн 500 миң сом түшкөнүн аныкташкан. Бирок, каржы отчетторунда 4 млрд 616,1 млн сомдун эсеби бар. Бул бардык каражаттын 40,4 пайызын гана түзөт. Калган 6 млрд 788 млн сомдун тагдыры белгисиз.
Депутаттык комиссия, миллиарддардын изин жоготуп, шаарларды мурдагы калыбына келтирүүчүлөрдөн купулга толчу  түшүндүрмө ала албаган соң, премьер-минстрдин отставкага кетүүсүн демилгелеп, материалдарды жана маалыматтарды укуктук баа берүү үчүн, тартип сактоо кызматтарына өткөрүп берүүнү көздөөдө.

Көздөн кайым болгон миллиарддардын изи менен барууну сунуштайбыз. 2010-жылдын август айында, түштүктү калыбына келтирүүгө түшкөн каражаттын баарын бириктирген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд түзүлөт. Фонддук каражаттары максаттуу, негиздүү пайдалынылышын көзөмөлгө алуу үчүн байкоочу кеңеш түзүлүп, курамына мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү киргизилет.

Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүүгө көмөгүн эл аралык уюмдар, Азия өнүгүү банкы, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк, Экономикалык кызматташтык уюму бере баштайт. Ошондой эле, атайын фондго Туркия, Кытай, Малайзия, АКШ, Молдова өкмөттөрү каржылай жардамын которуп,  Орусия курулуш материалдарын берет.

Сырткы достор, көлөмдүү көмөктөрүн берип, Кыргызстан болгон күчүн түштүктөгү кыйраган айыл кыштак шаарларын калыбына келтирүүгө бурат деп эсептеген. Көп түкүрсө көл болот дегендей, көйнөк тигүүгө жип чогултула баштады. Ар бир түштүктүккө бирден көйнөккө жетчүдөй каражат чогулду. 11млрдга жаңы бир шаарды куруп койсо болот! Бирок, жаңырган Ошту көрө алган жокпуз. Адаттагыдай эле баардыгы кыргызчасынын кетти. Чиновниктер шаарды калыбына келтиргенге ашыкпай, коррупциялык схемаларды куруп,  каражат агымын алкымга бурууга киришишти. Бул аракетти сабаттуу уюштуруу биздикилердин колунан жакшы келет.

Депутаттык комиссиянын справкасында «мамлекеттик дирекцияда коррупциялык схемаларга атайын ыңгайлуу шарттар түзүлгөн» деп жазылган. Жыйынтыгында каражаттын негизги бөлүгү көзөмөлсүз калып, каражат фонддун эсебинин сыртынан өтүп турган.

2010-жылдын 1-июнунан 2011-жылдын 1-апрелине чейинки эсеп палатасынын биринчи аудитине көз чаптырылып, комиссия аудит жең ичинен жасалган деген бүтүмгө келишти.
Казнадан түшкөн каражаттар боюнча жана донорлордун көмөгү эч кандай көзөмөлгө алынган эмес, ал түгүл кандай максатка пайдаланылганы белгисиз калган. Байкоочу кеңештин иши тууралуу дегиле маалымат жок.
  
«Мамлекеттик, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан, атайын фонддон кеткен чыгымдардын негиздүүлүгү жана максаттуулугу көзөмөлгө алынган деле эмес», - деп жазылат депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча справкада.

Милллиондогон акча агымы кандайча  көзөмөлсүз калган? Заманбап Кыргызстанда мындан да башка окуялар болуп тураары жашыруун эмес. Бирок, казна ууруларын ачыкка чыгырып туруучу органдар бар да. Эсеп палатасы, 2010-2012-жылдарда эле мамлекеттик дирекция ишиндеги тартип бузууларды дал ушул орган таап, айкындоого тийиш эле. Депутаттык комиссия Эсеп палатасынын текшерүүсү, К.Нурматов аттуу аудиттин жетекчилигинин астында өткөндүгун , анын «Эльхан-Ош» компаниясы мамлекеттик дирекциянын эң ири курулушчуларынын катарына киргенин аныктап чыкты. Эсеп палатасынын аудитору ишкердүулүк менен алектенүүгө укугу барбы? Маселени чиновниктердин уятына коелу. Болгону көңүлүңүздөрдү, мамлекеттик дирекциянын ишин көзөмөлгө алуучу адам, дирекциянын ишине көз каранды болуп, ири курулуш компаниясын жетектеп турганына бурабыз.

Кыргызстанда миллионду кантип уурдаса болот деген суроого жооп мына.

Бирок, баардык шарттарга карабастан, Эсеп палатасы 2010-жылы мамлекеттик дирекция 15 курулуш объектилеринде иштерге  төлөнгөн акыларды бийиктетип, 32,7 млн сом чыгым келтирген деген аныктама чыгарган. 2012-жылы 10 объектиде курулуш-монтаждык иштердин көлөмү көбөйтүлүп, чыгым 54,1 млн сомду түзгөн. Жалпысынан 58,1млн сомдук чыгаша жана каржылык тартип бузуулар ачыкталып, текшерилген объектке республикалык казнага 890,2 сом кирешеленген. Текшерүүгө алынган объекттин бухгалтердик эсеп кысап балансы 700 миң сом. Жалданган ишканалардын ишинин көлөмүн төмөндөтүүнүн эсебинен аудиттелген объекттин пайдасында 54, 1 млн сом бар. Бирок каражаттын калыбына келгенин тактоо жана текшерүү керек деп жазылган.

Ошондой эле, депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгында түштүктү калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын түзүмү башынан эле туура эмес түзүлгөн.

«Мамлекеттин дирекциянын ишке киргенинин башталышынан эле, эл аралык каржы институттары архитектура - пландоо, долбоорлоо жана жөндөө иштерин баштай албай убара болушту. Дал ушул бөлүмдөрдүн, буга жооптуу кызматкерлердин  жоктугунан мамлекеттик комиссияда коррупциялык схемаларга жол берилип, ишке ашырылган долбоорлордун көлөмдөрү абдан чоңойтулуп ката жазылган. Тагыраак айтканда 1 квадрат метр курулуштун өз баасы $300  тегереги болуп жазылган», - делет депутаттык комиссиянын отчетунда.

«Тигил же бул объекттин курулушуна кеткен чыгым баасы атайылап жогорулатылган. Мамлекеттик дирекциянын чиновниктеринин алсыздыгы жана жоопкерчиликсиздигинен улам, буйрутма алган курулуш компаниялары 17 объект боюнча гана киреше алышкан. Бул сумма 565 млн сомду түзөт. Бул фактыларды алдын ала сүйлөшүп алуу деп бааласак болот», – деп белгиленет справкада.

Коммиссиянын маалыматтарына ылайык, жер тилкелери боюнча дагы махинациялар бар. Мурда «Атакан» унаа базасына тиешелүү 8,9 миң чарчы метр жер тилкесин, 2010-жылы  «Оценка-Юг» мүмкүнчүлүгү чектелген ишканасы 992 миң сомго бааласа, 13 күндөн кийин эле, 8 миң чарчы метр жер 9 млн 736 миң  сомго бааланган. 22-ноябрда «МИА» мүмкүнчүлүгү чектелген ишканасы 8,9 миң чарчы метр жер тилкесин 3 млн 250 миң сомго сатып алып, 14 күндөн кийин эле, 2010-жылдын 6-декабрында ушул эле жер тилкесинин өтө кыскарган бөлүгүн, кайрадан мамлекеттик дирекцияга 9 млн 736 миң сомго саткан. Соода сатык ортосундагы айрыма 6 млн 486 миң сомду түзөт. Ал эми жер тилексинин 900 чарчы метри «МИА» мүмкүнчүлугү чектелген ишканасында калган.

Документте, мамлекеттик дирекция тарабынан аппаратты кармоодо, айлык акыларды көтөрмөлөөдө, эс алуу эргүүсүнө кетүүчү төлөмдөрдү берүүдө, социалдык фондго которууларда, премия сый акы берүүдө да көптөгөн тартип бузуулар болгону белгиленген.
Депутаттык комиссия тастыктайт: казна каражаттары, эл аралык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн, кайрымдуулук фонддордун, өкмөттүк эмес уюмдардын инвестициялары жана гранттары, ыктыярдуу которуулар максатсыз  сарпталган. Жыйынтыгында курулушка буйрутма алган ишканалар ашепке киреше көргөн. «Курулуш иштерин сапаты өтө төмөн болуп, сапаты эң начар кытай курулуш материалдары өзгөчө сантехника, бөлмөлөр аралык эшиктер колдонулган. Миларддаган сомго максатсыз пайдалануулар, курулуш баасынын жогорулатылышы орун алган», - деп жазылат депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча справкада.  

Буга карабастан, Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болоору замат атайын түштүктү калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жойот.

«Кызыкчылыктар талаш тартышы жөнүндө» мыйзамды бузуп, мурдагы жетекчи, азыркы премьер-министр, өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик дирекцияны жоюуу боюнча комиссия түзөт. Убактылуу комиссия өкмөттүн түзүлгөнүнөн баштап орун алган коррупциялык схемаларды жаап жашыруу үчүн дирекцияны жоюууга «кызыкчылыгы» бар экендигин белгилейт», - деп жазылат комиссиянын жыйынтыктоочу документинде.

Поделиться новостью: