КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:29 | 19 чын куран

Рублдин курсунун төмөндөшү мигранттарды мекенине кайтууга мажбурлабайт.

Дата: 18:03, 19-12-2014.

Москва. 12-декабрь. КирТАГ - Гульнара Болотбекова. Рублди девальвациялоо Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттарын мекенине кайтууга шарттабайт. “КирТАГ” агенттигинин жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы – биздин мекендештерибиздин дүрбөлөңгө алдырбаганын далилдеди. Алардын көпчүлүгү кыйынчылыктар убактылуу экенине ишенүү менен сабыр сактап жатканын билдиришкен.

Сурамжылоодо белгилүү болгондой, эмгек мигранттарынын 80 пайызы акчаны мекенине рубль менен которуп жатканын, болгону 20 пайызы доллар менен жөнөтүп жатканын айткан. Сом менен эсептегенде рублдин куну төмөндөгөнү да мигранттардын акчаны рубль менен жөнөтүүсүнө таасир тийгизген эмес.
Алардын пикиринде, Кыргызстанда жумуш табуу азыр деле оор. Рубль куну төмөндөсө деле, Кыргызстанда Россиядагыга тете маяналуу жумуш чыкпайт

Эске салсак, Москвада кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенген мигранттар орточо 25 рубль маяна алат.
“Кыргызстандык ишкерлер бирикмесинин” башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кожоевдин айтымында, бүгүнкү күндо Кыргызстан 100 миңдеген эмгек мигранттарды кабыл алып, жумуш орундары менен камсыздоого даяр эмес.

“Россиядагы бул кырдаал убактылуу. Кыйынчылыктын айынан мекенине кайтып кеткен кыргызстандыктар бир айдан кийин кайра келүүгө мажбур болушту. Себеби, ал жакта Россиядагыдай мүмкүнчүлүк жок. Бул кырдаал үч, эң көп дегенде алты айга созулушу мүмкүн. Андыктан, азыр баары эле кырдаалдын жөнгө салынуусун күтүп жатышат. Бул дүйнөдөгү макроэкономикалык кырдаалга байланыштуу экенин түшүнүү керек” – дейт ал.

Мындан тышкары, Кубанычбек Кожоев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнөн кийин эмгек мигранттардын агымы эң аз дегенде 10-20 пайызга өсүшү ыктымал деген божомолун кошумчалады.
“Кыргызстандан барган эмгек мигранттар кыймылы” коомдук уюмунун жетекчиси Алишер Маданбеков – азыр мигранттардын агымы күчөгөнүн белгилейт. Бирок мекенине эмес, башка чет өлкөлөргө.

“Узакка созулган оор кырдаал Россиянын ири шаарларындагы эмгек мигранттарынын кетишин шартташы мүмкүн. Алсак, жогорку квалификациялуу дарыгерлер, инженерлер, мугалимдер – доллардын таасири экономикасына аз залал келтирген өлкөлөрдөн ыңгайлуу жерлерди издей башташты. Мисалы азыр Түштүк Кореяга, Турцияга, Араб өлкөлөрүнө жана Европага”,-дейт ал.

Алишер Маданбеков учурда кыргыз өкмөтү Россиядан өз бижнесин чыгарып кетүүгө нийеттенген ишкерлер үчүн атайын программа иштеп чыгышы керектигин белгилейт.

“Кризистин узакка созулаарын көпчүлүк эксперттер алдын-ала айтып жатышат. Демек, Кыргызстан өкмөтү чакан бизнести колдоо үчүн каржы-насыя саясатын иштеп чыгууга тийиш. Биздин Россиядагы мекендештер өз бизнестерин башка өлкөгө эмес, Кыргызстанга которушу үчүн. Мындай аракет өлкө экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзмөк” – деп кошумчалады ал.

Мигранттар өздөрү – Россия аймагында жүрүп өздөштүргөн кесиптер Кыргызстанда талап кылынбай тургандыгын айтып жатышат. Мисалы, Уран Маматшералиев Москвадагы япон ресторандарында суши жасап иштейт. Ал мындай жумушту Кыргызстандан таба албасын айтат.

“Бизде (Кыргызстанда – КырТАГ) япон ресторандары чектелуу санда. Соңку мезгилдерде биздин мекендештер жакшы төлөнгөн жерлерде эмгектене башташты. Мисалы Москвада япон ресторандарынын көпчүлүгүндө шеф-поварлар кыргызстандыктар. Алар Кыргызстанда мындай жумушту кантип табат? Андыктан, кризиске карабай, алар жакшы мезгил келээрине ишенип, бул жерде ишин уланта беришет” – деди ал.

Гүл саткан дүкөндө эмгектенген Гүлзада Акматова көптөгөн мигранттар мекенине кайтып кетүүгө аргасыз болушканын айтат.

“Мен жана менин тааныштарым Кыргызстанга кетүү жөнүндо ойлоно баштадык. Кымбатчылыктын айынан жыл өткөн сайын Москвада жашоо кыйындап барат. Турак жайлар күн сайын кымбаттоодо. Азык-түлүккө болгон баа өсүп жатат. Анын үстүнө, рубль кескин төмөндөп, сом менен барабар болуп калды” –деп нааразы болду ал.

Ал ортодо, Россиядагы эксперттер оптимисттик маанайын түшүрө элек. 2015-жылдын биринчи кварталында рубль өз позициясын калыбына келтирип, бир доллар үчүн 38,7 ди түзүп калат. Ал эми батыш аналитиктери Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө кризис узакка созулаарын айтып, пессимисттик божомолдорду билдиришүүдө.

Батыштын дана АКШнын ири банктарынын эксперттери божомолдогондой, кризис бир гана Россиянын өзүндө эмес, Тажикстан, Кыргызстан, Молдова, Армения, Грузия, Босния жана Герцоговина, Албания, Украина, Македония сыяктуу мамлекеттерге да терс таасирин тийгизет.
Эксперттердин божомолдорунда канчалык деңгээлде чындык бар, убакыт көрсөтөт. Азыр болсо миллиондогон кыргызстандыктар Россияда кырдаал калыбына келээрин илгери үмүт менен күтүп жатышат. Себеби, Кыргызстан 100 миңдеген эмгек мигранттар армиясын кабыл алууга даяр эмес.

Поделиться новостью: