Кыргызстанга күчтүү сом керекпи?

Дата: 11:12, 21-07-2016.

Бишкек. 21 -июль. КирТАГ - Бакай Самыйбек, экономист.  2016-жылдын башында мунай баасы 13 жылдык минимумуна жетип, баррели $27,72 чейин түшүп кетти. Мунун эпкинин биздин коңшулар – Орусия менен Казакстан да сезишти. Алсак, алар үчүн ийгиликтүү болгон 2008-жылы мунай болуп көрбөгөндөй рекордго жетип жана баррели $147 жогору болуп турган.

Коңшулардын экономикасы күчүн бекемдеп алган доллардын басымында калып, улуттук валюталардын болуп көрбөгөндөй девальвациясына алып келди. Акыркы бир нече жы аралыгында рубль менен теңге эки эсеге арзандады. Анын натыйжасында, Орусия 20114-жылдын аягында, жарым жылдан соң Казакстан да белгиленген курстан баш тартышып, валюталарын эркин сүзүүгө коё беришти.

Улуттук валюталардын арзандоосу кыргыз сомуна да таасирин тийгизбей койгон жок. КР Улуттук банкынын маалыматтарына ылайык, 2015-жылы сом баасынын 29%зын жоготуп, АКШ долларына салыштырмалуу 58,9дан 75,9га чейин арзандады. Муну менен узак убакыттан бери сакталып келе жаткан катнаш бузулду: рублга карай – 1,5:1 жана теңгеге – 1,5:1.

Натыйжада кызыктуу кырдаал жаралды. Кыргызстандын өндүрүмүнүн атаандаштык жарата алчу тарыхый артыкчылыгы төмөн баа болгон. Бул ата мекендик товарларга Орусия менен Казакстандын рынокторунда атаандаштык жаратууга мүмкүндүк берип турган. Рубль менен теңгенин девальвациясынан соө күчтүү сом ата мекендик өндүрүүчүлөрдү «муунта» баштады. Кыргыз товарлары кымбат болуп, ЕАЭБ рынокторунда атаандаштык жаратууга оор боло баштады.

Ата мекендик бизнес товарынын баасы жогору болгондуктан атаандаштыкка туруштук бере албай жаткандыгы аз келгенсип, Кыргызстандын рыногуна ЕАЭБ боюнча өөктөштөр – Орусия, Белорусия, Казакстан жана Украинадан дагы арзаныраак товарлар толо баштады. Ата мекендик ишкерлер ички рынокто да атаандаштыкка туруштук бере албай калды. Бизнес үчүн мындай кырдаал өтө жагымсыз. Бизнес өкүлдөрү биринен сала бири сомдун кунун түшүрүү зарыл экендигин айта башташты.

Улуттук валютанын баасын жоготушу экспортту өстүрүү жана өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзүп бере алат, ошондой эле өлкө ичиндеги ата мекендик товарларга болгон сурамды жогорулатат. Экономисттер белгилегендей, валютаны жогорку кунда кармап туруу үчүн алтын валюталык резервдерди чыгымдоону төмөндөтүү мүмкүндүгүн түзөт.

Ошол эле маалда баары бирдей эмес. Улуттук валютанын кунун жоготуусу, сом менен киреше алып жаткан калкка оор тийет. Импорттук товарлар кымбаттай баштайт. Сомдун сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү төмөндөп, жашоо кымбаттайт. Айта кетчү жагдай, калктын көпчүлүк бөлүгү мындай көрүнүшкө ыраазы болбойт.

Өкмөт оңой эмес тандоо жасоонун алдынду турат. Кайсы нерсе маанилүүрөөк? Экономиканы жандандыруу үчүн арты белгилүү эмес чараларды көрүү же коомчулуктагы тынчтыкты сактоо үчүн сомдун жогорку кунун сактоо.

Натыйжада эмне болоорун жана жыл аягында сомдун куну кандай боло тургандыгын убакыт гана көрсөтөт.

Поделиться новостью: