Кудай буюрса: Президенттин үч жылдан бери ишке ашпай келе жаткан убадалары

Дата: 15:13, 16-06-2016.

Бишкек. 16-июнь. КирТАГ – Айша Чуштук. Эсептесек, берилген убадалардын аткарылышын күтүп келе жатканыбызга үч жылдын жүзү болуптур. Практика көрсөткөндөй, аткаруу мөөнөтү дагы узарышы мүмкүн. Бирок, убадаларды эске салып коюу аша чапкандык болбос.

Бүгүн КирТАГ өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин айрым убадаларын эске салып коюуну чечти.

Абайлап сүйлөгүлө, урматтуу журналисттер!


«Менин биринчи милдетим журналисттердин эркиндигин камсыздап берүү – журналисттерге эч ким тоскоол болбошу керек. Алар тоскоолдуксуз, эркин иш алып барышы керек», - А. Атамбаев.

Мындай убаданы президент 2011-жылы кызматка аттанып жатканда берген. Иш чарадагы журналисттерге кайрылып жатып, Атамбаев ,аны дароо «каралабоону», «бир нече жыл ишеним артууну» суранган. Ошондой эле президент бей өкмөт уюмдар жана ал жерде иштеген аялдарды «жылуу сөз» менен кеп кылган.

«Бей өкмөт уюмдарсыз өлкөдө демократия болбойт. Менин эсимде, эркектер чындыкты айтуудан корккон учурлар болгон, бирок биздин айымдар эч нерседен тайманбай иштеп келишкен», - деп айткан ал.

Бүгүнкү күндө ошол убада жана позиция менен бийликтин жолу эки айры. Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын журналист Дайырбек Орунбековго каршы доо арызын эстейли. Доо арызда айтылгандай, журналист А. Атамбаевдин ар-намысына шек келтирген. Башкы прокурордун айтымында, Д. Орунбеков президентке жана башка өкмөт мүчөлөрүнө жалган жалаа жапкан.

Кийинчерээк, президент 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн маалымат жыйынында журналисттерди абайлап сүйлөөгө («фильтровать базар») чакырган.

Ошондой эле, мамлекет башчысы көп учурда айрым ЖМКлар тууралуу пикирин билдирип келет. Алсак, президент «Азаттык» радиокомпаниясын «АКШдан алган акчаңарды актап жатасыңар» деп айыптаган.

«Азаттык» радиосу мени жана мен жетектеген партияны жаман көрсөтүп жатат. Айтайын дегеним, силер АКШ мамлекеттик департаментинен алган акчаңарды актап жатасыңар. Мен президент катары да, жөнөкөй адам катары да айтаарым: Кудайдан корккула. Бул силердин да мамлекетиңер. Эмнеге мамдеп? Себеби «Азаттыкты» мамдеп каржылайт, мунун артында ким тураарын дайыма билишибиз керек, мүмкүн ал сайттарда АКШ мамдепи же Орусиянын каршы министрлиги тарабынан каржыланган нерселер жазылышы керектир. Ошондо элге түшүнүктүү болот, эмнеге тигил же бул ЖМК тарабынан андай оюндар жүргүзүлүп жатат. Ачык айтайын, себеби бул биздин Мекен, биз аны коргошубуз керек, мен дагы президент катарында», - деп, президент парламенттик шайлоодо добуш берүү учурунда журналисттердин алдында сөз сүйлөп жатып билдирген.

Эми, ЖМК түзүүчүлөрү туурадуу маалыматты ачык коюу тууралуу президенттин сунушун депутаттар дароо илип алышты. Тийиштүү мыйзам долбоору бийлик партиясынын депутаттарынын бири тарабынан демилгеленген. Мындан тышкары, ошол эле партиянын депутаты тарабынан Кыргызстандын аймагында чет элдик жарандардын ЖМК ачуу, түзүүсүнө таптакыр тыюусалуу сунушталды. Эки мыйзам долбоору тең Жогорку Кеңеште талкууланып жатат.

Ошондой эле А. Атамбаев бей өкмөт уюмдарга жана алардын өкүлдөрүнө ачуусу келгени бар. Президент жакында Азиза Абдрасулованы жана Төлөйкан Исмаилованы чет жакта н алган акчаларын актап жатат, - деп айыптаган. Болбосо, 5 жыл мурдараак эле алар тууралуу жакшы ойдо болуп, жылуу сүйлөгөнү бар.

Тарифтер баасы же ишеним тарифи


«Эч качан бааны көтөрбөш керек, себеби бул чоң күнөө». Бул убаданы А. Атамбаев премьер-министр болуп, бирок президент болууну көздөп жүргөн учурунда эле берген.

«Эч качан бааны көтөрбөш керек, себеби бул чоң күнөө…Элге арзан энергия гана беребиз. Тарифтерди төмөндөткөнүбүзгө карабай, ал компенсацияларды бюджеттегилерге, пенсионерлерге 200 сомдон калтырдык, себеби алар үчүн бул акча», - деп президент 2010-жылы сүйлөгөн.

Мындай убадалар өткөн революциялардан соң берилген. Бакиевдин кланын кулатуунун бирден бир себеби электркубатынын тарифин көтөрүүсү болгон.

Ал убаданын берилгенине 6 жылдын жүзү болду.

Электркубатынын тарифи көтөрүлө тургандыгы тууралуу 2015-жылдын жазында кеп боло баштады. Жаңы тариф 2015-жылдын август айынан тарта күчүнө кирди. Бүгүнкү күндө жарандар үчүн электркубатын колдонууда лимит  700 кВт.с коюлган, эгерде абоненттер ушул лимиттен ашпаса 77 тыйын төлөшөт. Ал эми лимиттен ашыра колдону турган болсо 2,16 сомдон төлөп калышат.

Мындан тышкары, тарифтердин планын көрсөтүп жатып, өкмөт тарифтер мындан ары да көтөрүлө  берээрин айткан. План боюнча, 2016-жылы 700 кВт.с чейин колдонгон абоненттер үчүн тариф 93,2 тыйынга чейин кымбаттаса, 2017-жылы – 1,21 сомго чейин.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктен ырастагандай, тариф жай мезгилинин аягына чейин өзгөрүлбөйт. Бирок тарифтердин арзандай тургандыгы жөнүндө кеп кылуу али эрте.

«Келээрки жылда Датка-Кемин электр берүү жогорку чыңалуудагы чубалгысын куруу керек, буга катар эле – совет мезгилинде эле планга коюлган ГЭС 2-3 курулушун баштоо зарыл»

Президенттин ант берүү аземинде берген бул убадасынын бир бөлүгү аткарылды. Дата-Кемин ЭБЛ өткөн жылдын август айында ишке берилди.

Бирок, жаңы ГЭС куру маселеси ордунан жылбай келет, эми, энергетикалык көз карандысыздык тууралуу президенттин убадасынын аткарылышы да күмөн жаратууда.

2012-жылы сентябрь айында Орусия менен Кыргызстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу, эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлуп, 2013-жылы бул документти эки өлкөнүн парламенти ратификациялаган.

Бирок Атамбаев Россиянын учурдагы экономикалык абалы макулдашуу боюнча алган милдеттемелерин аткара албай турганын айтып, каскаддарды куруу боюнча жаңы инвестор издөө зарылдыгын  блилеген.

Кийин парламент бул макулдашууну денонсациялоону туура көргөн. Белгилүү болгондой, келишимге ылайык, Кыргызстан карыздар да болуп, эми, ошол убакыт ичинде сарпталган 37 млн. кайрып бериши керек. Эми өкмөт шашып-бушуп ар кайсы жерден инвестор издеп, каалоочулар да бар экендигин айтып келишет, бирок азарынча реалдуу каалоочулар көрүнө элек.

А. Атамбаев убадага берешен, эми ошол убадаларды аткарууга бир жылдан көбүрөөк убактысы калды. Кудай буюрса! Көрө жатаарбыз.

Поделиться новостью: