Аида Салянова, депутат: «Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө укуктук негиз жок»

Дата: 16:35, 09-08-2016.

Бишкек. 8-август. КирТАГ - Айша Чуштук. КР мурдагы башкы прокурору, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянованын пикиринде, «Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө укуктук негиз жок». Өз пикирин депутат Фейсбук түйүнүндөгү баракчасында калтырган.

«Биз ката кетиргенге көнүп, бирок аларды оңдоону али үйрөнө албадык. Биз Конституцияны мындай койолу, мыйзам боюнча жашаганды үйрөнө албадык. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча талкууга коюлган мыйзам долбоору ушундай «куру кеп». Болгону, ар бирибиздин катышыбыз жоктугу баардыгыбызга таасирин тийгизиши мүмкүн, көзүбүздү жумуп туруп бул долбоорго көз жүгүртүүгө мажбурлайт», - деп жазат Салянова.

Салянованын көңүл койгону – автордук.

«Конституция – өлкөнүн башкы юридикалык документи, түшүнүктүү, жөнөкөй жана жыйнактуу жазылышы зарыл. Текстте ээн баштык менен жоромолдоо болбошу керек», - деп баса белгилейт депутат.

Анын пикири боюнча, бул мыйзам долбоору, «конституциялык укук, парламентаризм жөнүндө, бийликти бөлүштүрүү принциби жөнүндө - сыяктуу илимден таптакыр кабары жок адамдар тарабынан жазылган».

«Долбоор механикалык түрдө премьер-министрге эбегейсиз күч берип жатат. Долбоор президенттин күчүн басаңдатууга багытталган эмес. Ал парламентти жана сот бийлигин алсыздандырууга багытталган. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, айрым мамлекеттик органдар ортосундагы алака саясий шантаж жана чайкоочулуктун үстүндө курулмакчы. Ал жай, бирок түздөн-түз бузулууга алып келет», - деген пикирде Салянова.

Экинчиден, Салянованын пикиринде, мыйзам долбоору «волюнтаристтик» жана акылга каршы киргизилген».

«Конституция эки учурда гана алмаштырылат:

1) «коомчулук талап кылганда;
2) 2) «бул нерсе конъюнктуралык себептерден улам мажбурланганда», - деп жазат ал.


Анын айтымында, көпчүлүгү Конституция экинчи учурда алмаштырылат, себеби коомчулукка кимдин күчтүү экени – президентпи же парламентпи, өкмөт кандай түзүлөөрү, ким кимге баш ийе тургандыгы мааниге ээ эмес.

Аида айым белгилегендей, мыйзам долбооруна ылайык, финансылык долбоорлорго өкмөттүн гана эмес, президенттин дагы макулдугун алуу керек болот.

«Маалымкатта буга негиз келтирилген эмес. Бирок бул парламенттин күчүн алуу үчүн жетиштүү аракет», - деп эсептейт, ал.

Буга утурлай экс-башкы прокурор өкмөткө ишеним маселесин да тиийп өткөн, анын белгилөөсүндө, бул «эки миздүү курал» жана аны эң зарыл учурда гана иштетүүгө болот.

«Бул маанилүү делген институционалдык ыкманы мыйзам долбоору менен туруктуу манипуляциялоо куралына айлантуу сунушталууда. Мунун парламентаризм менен эч кандай катышы жок. Конституциялык палатанын өз бүтүмүн президент жана Жогорку Кеөеш менен макулдашуусу – бул ата мекендик конституционализмдин «жаңылыгы», - деп белгилейт ал.

Салянованын пикири боюнча, башкысы, «долбоордо 2020-жылга чейин күтүп туруу мүмкүн болбогон бир дагы оңдоо жок».

Эскерте кетсек, «КР Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» референдумун өткөрүү боюнча демилге өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге жана бир катар фракцияларга таандык. Айрым маалыматтар боюнча, бул демилгени колдой тургандыгын билдирип, 87 эл өкүлү кол коюп беришкен. Референдум үстүбүздөгү жылдын күз айларында өтүшү да ыктымал.

Поделиться новостью: