Жапония Орусияга карата киргизилген санкцияларды албайт

Дата: 14:26, 31-10-2016.

Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ - Жапония Чоң жетиликтин мүчөсү катары Украинадагы абал жана Крымдын аннекцияланышынан улам Орусияга киргизилген санкцияларды албайт. Бул тууралуу 31-октябрда премьер-министр Синдзо Абэ өлкө парламентинин төмөнкү палатасындагы дебаттардын жүрүшүндө билдирди.

«Жапония G7нин мүчөсү катары Украина менен Крымдагы окуяларга байланыштуу Орусияга карата киргизилген экономикалык санкцияларды албайт», – деди Абэ.

Премьер ошондой эле Жапония менен Орусия ортосунда «70 жылдан бери чечилбей келген Курил аралдарына байланышкан маселенин бар экенин» эске салды.

Октябрдын башында Синдзо Абэ Жапония Крымдын Орусия тараптан аннексияланышын тааныбай турганын айткан.

Украинанын Жогорку Радасы 2014-жылдын 20-февралын Крым менен Севастополдун Орусия тараптан убактылуу оккупациясынын башталган күнү катары расмий жарыялаган. 2015-жылдын 7-октябрында Украина президенти Петр Порошенко тиешелүү мыйзамга кол койгон. Эл аралык уюмдар Крымдын оккупациясы менен аннексияланышын мыйзамсыз деп таап, Орусиянын аракеттерин сынга алышкан. Батыш өлкөлөрү бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Орусия жарым аралдын оккупациясын четке кагып, аны «тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү» деп атап келет.

Поделиться новостью: